Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Мындай өлкөнүү куруу сиздердин да, менин да кыялым эле. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас шаарындагы эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.
Өлкө башчысынын айтымында, Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы этабына чыкты.
“Беш жыл мурда президенттик шайлоонун алдында мен сиздерге кайрылып: “Кандай Кыргызстанда жашай турганыбыз өзүбүздүн тандообуздан көз каранды. Кыргызстан эли тартип орногон, өнүккөн, дүйнөдө кадыр-баркы бар мамлекетте жашоого татыктуу”, - деп айтканым эсиңиздерде болсо керек. Мындай өлкөнүү куруу сиздердин да, менин да кыялым эле. Бүгүн артка кылчайып, ошондо көрсөткөн ишенимиңиздер үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Учурдагы жетишкендиктерде ар бир кыргызстандык опол тоодой салым кошту. Эң башкысы, биз ушуну менен токтоп калбайбыз. Алдыда дагы көп иштер, чоң максаттар бар. Бир учурда кол жеткис көрүнгөн кыялдарды мындан ары да биримдикте иш жүзүнө ашырабыз деп терең ишенем.
Бүгүнкү курулуштар, жаңы жолдор, энергетикалык долбоорлор, мектептер, ооруканалар, турак жайлар жана өндүрүш ишканалары – баары бир максатка багытталган. Биз жаңы Кыргызстанды куруу жолунда баратабыз, өлкөбүздү экономикалык жактан күчтүү мамлекетке айландырууга багыт алдык.
Буюрса, дагы чоң-чоң өзгөрүүлөр болот. Энергетикалык долбоорлор көбөйөт, жаңы жолдор, темир жолдор курулат. Өндүрүшүбүз өрүш алат, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү ыкчамдайт, натыйжада экспорттун көлөмү өсөт. Кудай буюрса, биз өнүгүүнүн жаңы этабына чыктык”,-деп билдирди Жапаров.