Жээнбек Кулубаев: Борбор Азия тарыхта цивилизациялардын айкалышкан жери болгон

Маек Загрузка... 16 Июнь 2025 11:00
2.webp
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев "Кабар" маалымат агенттигине берген эксклюзивдүү маегинде Астанада башталып жаткан "Борбор Азия - Кытай" саммити тууралуу айтып берди. Мындагы эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулар жылдын негизги саясий окуяларынын бири болмокчу.

– "БА - Кытай" II саммити глобалдуу соода согушу жүрүп жаткан эл аралык мамилелердин катаал учуруна туура келүүдө, бирок ошол эле учурда "Улуу Жибек жолу" дагы жанданууда. Алдыда Астана шаарында өтө турган жолугушуу Борбор Азиянын туруктуулугу жана аймактын экономикалык өнүгүүсү үчүн канчалык маанилүү?

Биринчи кезекте Кыргызстан "Борбор Азия - Кытай" форматынын алкагында динамикалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты жогору баалай турганын баса белгилей кетүү керек. Ал аймактык интеграцияны тереңдетүү, ишенимди бекемдөө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн маанилүү аянтча болуп калды.

Алдыда Астана өтө турган "Борбор Азия - Кытай" саммити азыркы эл аралык абалда өзгөчө мааниге ээ. Биз геосаясий туруксуздуктун, соода тоскоолдуктарынын жана дүйнөлүк товардык жана финансылык агымдардын кайра бөлүштүрүлүшүнүн шартында жашап жатабыз. Анткен менен конструктивдүү диалогдун, аймактык кызматташтыкты чыңдоонун жана жалпы өсүү чекиттерин табуу зарылчылыгы дал ушундай учурларда ачыкка чыгат.

Борбор Азия тарыхта цивилизациялардын айкалышкан жери болгон, жана бүгүн биз кайра жанданып келе жаткан Улуу Жибек жолунун негизги звеносуна айлануудабыз. Кытай биздин эң маанилүү стратегиялык өнөктөштөрүбүздүн бири жана "Борбор Азия-Кытай" форматы тең салмактуу, өз ара пайдалуу жана туруктуу аракеттенүүнү куруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Кыргызстан үчүн региондун тынчтыктын, туруктуулуктун жана өнүгүүнүн аймагы бойдон калышы өтө маанилүү. Астанадагы саммит экономикалык чөйрөдөгү ар кандай долбоорлорду талкуулоо, ошондой эле гуманитардык жана билим берүү алмашууларын жана кызматташуунун башка багыттарын кеңейтүү форматында өтөт.

Жогорудагыларды эске алуу менен Кыргызстан өлкөлөрдүн байланышын арттыруу, инвестициялык климатты жакшыртууга жана эң негизгиси элдерге реалдуу пайда алып келүүчү биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жигердүү салым кошууга даяр экендигин белгилегим келет.

– Албетте, экономиканы өнүктүрүү долбоорлору мамилелерди конкреттүү мазмун менен толтурган негиз болуп саналат. Ошол эле Улуу Жибек жолунун кайра жаралуусуна да тиешелүү, бул биринчи кезекте - транспорттук инфраструктураны, логистикалык борборлорду өнүктүрүү, энергетикалык кубаттуулукту жана өндүрүштүк базаны кеңейтүү. Көп тараптуу форматтарда бардык тараптардын позицияларынын дал келүүсү абдан маанилүү. Чоң саясатта бул дайыма эле оңой боло бербейт ...

Чындыгында, Борбор Азия - бул ири мүмкүнчүлүктөргө ээ, тарыхы бай стратегиялык маанилүү аймак. Кыргызстан бул аймактын бир бөлүгү катары туруктуу өнүгүү ишенимдин жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн шарттарында гана мүмкүн экенин түшүнүү менен аймактык кызматташтыкты бекемдөөгө умтулууда.

Биз Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү, эң негизгиси, өз ара аракеттенүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн табуу боюнча аракеттерди улантабыз. Соода-экономикалык кызматташтык жалпысынан эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн негизги катализатору болуп саналат.

Биздин саясат өз ара пайдалуу өнөктөштүк принциптерине негизделип, мында аймактык интеграция эгемендүүлүккө каршы келбестен, ар бир өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын да позициясын бекемдейт. Аймактык кызматташтык менен улуттук кызыкчылыктарды коргоонун ортосундагы тең салмактуулук - бул туруктуу процесс.

Өз ара аракеттенүүнүн эң эле маанилүү жана келечектүү багыты инфраструктура, транспорт, энергетика, кайра иштетүү өндүрүшү, айыл чарба, туризм жана чек ара кызматташтыгы болуп саналат.

Айрыкча Кыргызстандын Чыгыш менен Батышты бириктирүүчү стратегиялык позициясын эске алуу менен транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. "Европа - Батыш Кытай транспорт коридору" сыяктуу демилгелерде биз темир жол жана автомобиль каттамдарын өнүктүрүүгө катышабыз.

"Бир алкак, бир жол" демилгесинин алкагында инфраструктураны жана соода байланыштарын жакшыртуу үчүн бир катар чаралар кабыл алынган. Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышы мунун ачык мисалы. Бул долбоор эл аралык мааниге ээ, аймактын транзиттик мүмкүнчүлүгүн ачууга карай маанилүү кадам болушу керек.

Узак жана татаал сүйлөшүү процесстеринен кийин биз бул өтө масштабдуу долбоорду иш жүзүндө ишке ашырууну баштадык. 2024-жылдын 27-декабрында курулуш башталган, бул маанилүү символикалык жана экономикалык окуяга айланган.

Транспорт системасын жакшыртуу эл аралык транзиттик жүк ташуулардын кошумча көлөмүн тартууга, соода жүгүртүүнү олуттуу жогорулатууга жана аймактын экономикасын активдештирүүсүнө мүмкүндүк берет. Инфраструктураны биргелешип өнүктүрүү социалдык-экономикалык натыйжаны гана алып келбестен, аймактар ​​аралык байланыштарды да бекемдейт.

Кыргызстан ишенимге, өз ара урматтоого жана жакшы коңшулукка негизделген аймактык өнөктөштүктү бекемдөөгө умтулат. Биз эки тараптуу форматтар, же көп тараптуу механизмдер аркылуу Борбор Азиянын жалпы өнүгүшүнө салым кошкон демилгелерге ачыкпыз.

– Борбор Азия өлкөлөрү менен диалогдогу көптөгөн глобалдык оюнчулар "C5+..." формуласын колдонуп жатышат. Бул форматтын артыкчылыктары менен кемчиликтери эмнеде? Мындай өз ара аракеттенүү форматы канчалык ыңгайлуу жана ал кандайча өнүгүп жатат?

"БА5+" форматы регион мамлекеттери менен дүйнөлүк өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүндө маанилүү жана барган сайын талап күчөгөн механизмге айланууда. "Борбор Азия+" платформасы бүгүнкү күндө эл аралык диалогдун туруктуу куралына айланып бара жатканын мыйзам ченемдүү көрүнүш катары бааласак болот. Анткени, регион ичинде ынтымак бекемделип, дүйнөлүк өнөктөштөр болсо Борбор Азияны барган сайын стратегиялык маанилүү бирдиктүү мейкиндик катары кабыл алып жатышат. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын биргеликте катышуусу региондун бирдиктүү үнүн калыптандырууда. Бул болсо алардын эл аралык аренадагы салмагын жогорулатат.

Бул форматтын негизги артыкчылыгы — бүткүл региондун атынан сүйлөө, жалпы көйгөйлөрдү биргелешип талкуулоо жана маанилүү маселелер боюнча позицияларды координациялоо мүмкүнчүлүгүндө. Бул биздин жамааттык үнүбүздү күчөтүп, Борбор Азиянын дүйнөлүк саясаттагы жана экономикадагы маанисин жогорулатат. Мындан тышкары, формат инфраструктура, жашыл энергетика жана башка артыкчылыктуу тармактарга инвестиция тартууга түрткү берип, соода, транспорт, энергетика жана коопсуздук жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулоого шарт түзөт.

Кыргызстан мындай форматтын өнүгүшүн колдойт. Эгерде өз ара аракеттешүү региондук өзгөчөлүктөрдү жана бардык катышуучулардын пикирин эске алуу менен курулса - өтө ыңгайлуу болот. Кыргызстан үчүн бул формат көп вектордуу тышкы саясат концепциясына туура келип, улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Чакырыктардын арасында – чектелген институционалдык формат менен регион өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарынын ар түрдүүлүгү бар. Муну менен катар баарыбыз эле бул аянттын декларациялар окула турган жер эмес, реалдуу иш-аракеттердин платформасы болушуна кызыкдарбыз. Сырткы демилгелер регионалдык кызыкчылыктардан жогору турбашы керек. Биз өз ара урматтоого жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн реалдуу муктаждыктарына негизделген ачык диалогду жактайбыз.

Жалпылап айтканда, "БА5+" форматынын ийгилиги - Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы өнөктөштөр менен теңата жана прагматикалык мамиле түзө алышына жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыра алуусуна байланыштуу болот.

– Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнүн бардыгы үчүн негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналары жашыруун эместир. Биздин экономикалык кызматташтыктын келечеги кандай? Анткени азыркы мүмкүнчүлүктөр толук ишке ашпай жатканы байкалып турат.

Тараптар жашоо-турмуштун дээрлик бардык тармактарында жемиштүү кызматташып жатышат. Өзгөчө, соода-экономикалык кызматташтык Кыргызстан менен Кытайдын өз ара аракеттенүүсүндөгү негизги багыттардын бири болуп саналат.

Кытай – Кыргызстандын эң ири соода өнөктөштөрүнүн бири. Биз ар түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келебиз. Кытай компаниялары Кыргызстандын энергетика, пайдалуу кендерди казуу, туризм жана транспорт сыяктуу экономика тармактарына активдүү инвестиция салып жатышат.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда өз ара аракеттенүүнүн кеңири чөйрөсү бар, биз кытай тарап менен пайдалуу жана көп кырдуу кызматташтыкты арттыруу жана бекемдөө боюнча биргелешкен ишти улантабыз. Албетте, биздин өлкөлөр да бир катар аймактык уюмдар менен бирикмелердин алкагында байланыштарды ийгиликтүү өнүктүрүп жатышат.

Биз Кытай тарап жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен биргеликте Кыргызстандын аймагында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү, электрондук сооданы, санариптештирүүнү, айыл чарбасын жана логистикалык борборлорду курууну өнүктүрүү үчүн географиялык жакындыктын артыкчылыктарын активдүү пайдаланууга кызыкдарбыз.

Жалпысынан алганда, бардык тараптар аймактын жалпы конструктивдүү өнүгүшүнө кызыкдар деп айтууга болот. Биз өз ара аракеттенүүнүн бардык маселелери боюнча ачык диалогду мындан ары өнүктүрүү үчүн күч-аракетибизди жумшайбыз.

– Астанада боло турган жолугушууга карата үмүттөр, саммиттин күн тартиби канчалык деңгээлде актуалдуу болору жана кандай биргелешкен маанилүү чечимдер даярдалып жатканы тууралуу маалымат берсеңиз?

Биз Борбор Азия жана Кытай лидерлеринин Астанада боло турган жолугушуусун чоң кызыгуу менен күтүп жатабыз. Саммит саясий диалог катары да, практикалык жактан да мазмундуу болоруна ишенебиз.

Алдыда боло турган жолугушуунун акыркы күн тартиби учурда чакыруучу тарап тарабынан даярдалып жатат. Белгилегендей, тараптар кызматташуунун саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка багыттарындагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашат. Мындан тышкары, талкууларда көп тараптуу күн тартиби, анын ичинде дүйнөлүк эл аралык мамилелер тутумундагы актуалдуу өзгөрүүлөр да маанилүү орунду ээлейт деп ойлойм.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча тараптардын өнөктөштүктү тереңдетүүгө болгон жалпы аракеттерин чагылдырган бир катар биргелешкен документтер кабыл алынышы күтүлүүдө, аларда мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары да белгиленет.

Кыргызстан саммитти даярдоого активдүү катышат жана анын натыйжалары конкреттүү жана узак мөөнөттүү келечекке багытталышына кызыкдар. Биз бул форматты бүткүл аймактын кызыкчылыктарын, атап айтканда, Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыктарын жана тышкы саясий артыкчылыктарын илгерилетүү үчүн маанилүү платформа катары карайбыз.