Кулубаев Грузияда ТИМ башчыларынын жолугушуусуна катышты

Саясат
1.JPG
2.JPG
3.JPG
4.JPG
5.JPG
6.JPG
Алдыга
Артка
1.JPG
2.JPG
3.JPG
4.JPG
5.JPG
6.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев грузин тараптын демилгеси менен Батуми шаарында өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Грузиянын тышкы иштер министрлеринин биринчи жолугушуусуна катышты.

ТИМден билдиришкендей, саясий диалогго жана аймактык өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле тармактык кызматташуунун келечеги менен артыкчылыктарына арналган эки сессиянын алкагында тышкы иштер ведомстволорунун жетекчилери саясий байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, транспорттук-логистикалык өз ара байланышты өнүктүрүү, энергетика, туризм жана гуманитардык байланыштар жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүү жолдору боюнча пикир алышты.

Жээнбек Кулубаев өз сөздөрүндө мындай форматтагы жолугушуулар аймактык жана эл аралык актуалдуу маселелер боюнча позицияларды шайкеш келтирүүгө, ошондой эле биргелешкен иштин практикалык багыттарын аныктоого мүмкүндүк берерин белгиледи. Ал Борбор Азия өлкөлөрү менен Грузиянын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү Азия менен Европанын ортосундагы байланыштардын өнүгүшүнө кошумча дем бере аларын баса белгиледи.

Кыргыз тарап саясий диалогду тереңдетүү менен бирге конкреттүү тармактарда практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн да белгиледи. Биргелешкен аракеттерди соода-логистикалык каттамдарды диверсификациялоо, санариптик трансформация, инвестицияларды тартуу жана өнөр жай кооперациясы маселелерине топтоо сунушталды.