Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Өз үйү бар үй-бүлөнүн келечекке ишеними бекем болот Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы “Мурас” турак жай комплексинин үчүнчү этабынын алкагында 1 104 батир ээлерине тапшыруу аземинде билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, буга чейин комплекстин алгачкы эки этабынын алкагында 2666 батир жарандарга берилген. Бүгүнкү 1104 батирди тапшыргандан кийин комплекстин алгачкы үч этабында жалпы 3170 батир пайдаланууга берилген болот.
Ал эми төртүнчү этаптын курулушун кийинки жылдын июнь айына чейин бүтүрүү тапшырмасы коюлган. Анын алкагында дагы 1584 батир тапшырылат. Натыйжада “Мурас” турак жай комплекси 39 блоктон турган жалпы 4754 батирди камтыйт.
“Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын линиясы боюнча жалпы 9 371 батир пайдаланууга берилип, жарандар жаңы үйлөрүндө жашап жатышат. Ошондой эле өлкөнүн жети облусунда, Бишкек шаарынан тартып алыскы Баткен аймагына чейин 65 миңден ашык батирдин курулушу ылдам жүрүп жатат”, — деди Садыр Жапаров.
Президент белгилегендей, “Менин үйүм” мамлекеттик программасынын алкагында калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу иштери жигердүү уланууда.
“Көптөгөн жарандарыбыз үй куруу үчүн жер тилкесин издеп, курулуш материалдарын чогултуп же каражат табуу максатында үй-бүлөсүн таштап, чет өлкөлөргө барып иштөөгө аргасыз болушчу. Алар максатына жетүүдө бир топ кыйынчылыктарга туш болушкан. Мамлекет элдин суроо-талабын канааттандыруу үчүн бул багыттагы иштерди улантууга милдеттүү”, — деди ал.
Мамлекет башчысы турак жай менен камсыз кылуу үй-бүлөлөрдүн келечекке болгон ишенимин бекемдеп, балдардын сапаттуу билим жана тарбия алышына шарт түзөрүн белгиледи. Ошондой эле бул программа мугалимдерди, дарыгерлерди, маданият кызматкерлерин жана башка тажрыйбалуу адистерди өлкөдө кармап калууга өбөлгө түзөрүн айтты.
Анын айтымында, турак жай курулушу курулуш тармагын гана өнүктүрбөстөн, ага байланыштуу башка тармактардын өсүшүнө да түрткү берип, миңдеген жумуш орундарын түзүүдө.
Президент “Менин үйүм” мамлекеттик программасынын алкагындагы иштер мындан ары да улантыларын белгиледи.