Президент: Мүмкүнчүлүк болсо пенсияны 80 миң сомго чейин көтөрмөкмүн

Президент
Президент: Мүмкүнчүлүк болсо пенсияны 80 миң сомго чейин көтөрмөкмүн
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Каржылык мүмкүнчүлүк болсо, мамлекет азыркы 8 миң 800 сомдун ордуна пенсионерлерге 80 миң сомдон пенсия төлөп бермек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас облусунун тургунунун пенсияны 15 миң сомго чейин көтөрүү жана ошол эле учурда жогорку өлчөмдө пенсия алган мурдагы прокурорлордун төлөмдөрүн кыскартуу сунушуна жооп берип жатып билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстанда 900 миңге жакын пенсионер бар. Ал эми айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен тартып президенттин администрациясынын кызматкерлерине чейин эсептегенде, иштеген адамдардын саны болгону 300 миңди түзөт.

”Бул 300 миң адам болжол менен ар бир үч пенсионерди бирден иштеген адам камсыздап жатат дегенди билдирет”, — деди президент.

Ал мындан беш жыл мурда пенсиянын өлчөмү 700 сомдун тегерегинде болгонун, азыр минималдуу пенсия 8 миң 800 сомго жеткенин эске салды. Ошондой эле пенсия жыл сайын жогорулатылып жатканын белгиледи.

”Азыр минималдуу пенсияны 8 миң 800 сомго жеткирип, жалпы деңгээлди көтөрдүк жана жыл сайын көбөйтүп жатабыз. Ушунча убакыт чыдап келдиңер, дагы бир аз чыдап тургула”, — деди Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле акыркы 30 жыл ичинде мамлекеттик ресурстарды жоопкерчиликтүү башкаруу жана экономиканы өнүккөн болсо эң төмөнкү пенсиянын өлчөмү 80 миң сомго жетиши мүмкүн болмоктугун белгиледи.

Жолугушууда Садыр Жапаров соттордун айлык акысын жогорулатуу маселесине да токтолду. Анын айтымында, Кыргызстанда 450гө жакын судья бар. Алардын эмгек акысын көтөрүү, анын ичинде коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган.

”Биз судьяларды азгырыкка алдырбоого чакырабыз. Ошентсе да пара алгандар адамдык алсыздыкка алдырып жатышат. Пара алып жаткан жеринен кармалгандар жоопкерчиликке тартылат. Мындан башка жол жок. Эгер судьяга деле 8 миң сомдон айлык төлөсөңөр, эртеси ал бир күндө 10 ишти карап, ар биринен пара алат”, — деп түшүндүрдү президент.