Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Түштүк Кореяда расмий иштеп, эмгек акысынан пенсиялык төгүмдөрү кармалган 140 кыргызстандыкка бир жолку төлөм толугу менен берилди. Бул тууралуу Социалдык фонд маалымдады.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтомолор боюнча бир жолку төлөм алуу үчүн 152 жаран кайрылган.
"Учурда калган 12 жарандын арызы боюнча чечим күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, бир жолку төлөмдүн орточо өлчөмү 3 миң 585 долларды түздү.