Баткенде 24 миң пенсионерге ай сайын 2 миң сомдон кенемте төлөнөт — Жапаров

Аймак 11 октябрь 2026 16:50
Баткенде 24 миң пенсионерге ай сайын 2 миң сомдон кенемте төлөнөт — Жапаров
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.10.26. /Кабар/. Баткен облусунун өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында туруктуу жашаган 23 миң 760 пенсионер ай сайын 2 миң сомдон компенсациялык төлөм алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун жашоочулары жана активи менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысы аймактын калкын социалдык жактан колдоо чараларына токтолуп, 1-октябрдан тартып пенсиянын өлчөмү жогорулатылгандан кийин орточо пенсия 12 миң 366 сомду түзгөнүн белгиледи.

Өлкө башчысынын айтымында, Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Сүлүктү шаарында жашаган, өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын пенсионерлерине ай сайын 2 миң сомдон компенсациялык төлөм белгиленген.

Мындан тышкары, бийик тоолуу жана алыскы, жетүүгө кыйын аймактарда, ошондой эле өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш калктуу конуштарда жашаган үй-бүлөлөргө үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн тартып үч жашка чыкканга чейин ай сайын 3 миң сомдон жөлөк пул берилет.

Президенттин маалыматына караганда, Баткен облусунда быйыл 1-сентябрдан тартып бул жөлөк пулду 9 миң 481 адам ала баштаган. Аны төлөө үчүн республикалык бюджеттен ай сайын 28,8 млн сом бөлүнөт.

Ошондой эле Баткен облусунда 18 миң 815 адам “Бала ырысы” жөлөк пулун алууда. Бул төлөм үчүн республикалык бюджеттен ай сайын 24,6 млн сом каралат.