Египеттин Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды

Коом
IMG_4368.JPG (1).jpeg
IMG_4350.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_4368.JPG (1).jpeg
IMG_4350.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Бүгүн, 23-октябрда тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Египеттин Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Самех Фарук Мохамед Шехатанын ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары элчини жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, кыргыз-египет мамилелерин мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө ишинде ийгиликтерди каалады.

Мындан тышкары, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды, анын ичинде алдыдагы сапарларга даярдык көрүүгө, Өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи отурумун уюштурууга, ошондой эле эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосунда саясий консультацияларды өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Өз кезегинде элчи өз ара кызыкчылык жараткан ар кандай багыттар боюнча кызматташууну бекемдөө үчүн зарыл болгон күч-аракетти жумшай турганына ишендирди.