Бишкек, 10.11.26 /Кабар/. Күн мурун Москва шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) уставдык органдарынын биргелешкен жыйынына катышты.
ТИМден билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө ЖККУнун жоопкерчилик аймагындагы аскердик-саясий кырдаал, аймактык жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу чакырыктары, ошондой эле Уюмдун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча пикир алмашуу болду.
Жээнбек Кулубаев Борбор Азиядагы коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине көңүл буруп, терроризмге, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, уюшкан кылмыштуулукка жана киберкоркунучтарга каршы күрөшүүдө биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жыйындын катышуучулары Россиянын ЖККУга төрагалыгынын жыйынтыктарына оң баа беришип, 2027-жылы Тажикстандын алдыдагы төрагалыгынын артыкчылыктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Жыйындын жыйынтыгында Уюмдун Жамааттык коопсуздук кеңешинин Декларациясынын жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 35 жылдыгына жана уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган тиешелүү Иш-чаралар планынын долбоорлору, парламенттер аралык кызматташтыктын ролу жөнүндө Билдирүүнүн долбоору, ошондой эле мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүн мындан ары чыңдоого багытталган бир катар чечимдер жактырылды.
Жактырылган документтердин долбоорлору 2026-жылдын 11-ноябрында Москва шаарында өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизилет.