Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Кыргызстандын Вьетнамдагы резиденциясы Куала-Лумпур шаарында жайгашкан элчиси Анвар Анарбаев Вьетнам Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчысы, Вьетнамдын президенти То Ламга Ишеним грамоталарын тапшырды.
ТИМден билдиришкендей, салтанаттуу азем 6-ноябрда Ханой шаарындагы президенттик сарайда болуп өттү.
Анвар Анарбаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан Вьетнамдын мамлекет башчысы То Ламга жылуу саламын жана ак тилектерин жеткирип, саясий диалогду чыңдоого, өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана эки тараптуу байланыштарды бардык багыттар боюнча активдештирүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Өз кезегинде Вьетнамдын башкы катчысы Кыргызстандын президентине жооп иретинде жылуу саламын жана ак тилектерин жолдоду.
Ишеним грамоталарын тапшыруу аземинин алкагында сүйлөгөн сөзүндө Вьетнамдын президенти То Лам Вьетнам менен Кыргызстандын ортосундагы салттуу достук мамилелердин маанилүүлүгүн белгилеп, эки тараптуу алакаларды мындан ары ар тараптуу чыңдоого жана кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.