Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. 22–23-октябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Грузиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн Грузиянын Батуми шаарына барат. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактар аралык жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрү менен Грузиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун келечеги боюнча пикир алмашат.