Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Бүгүн Самарканд шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугушуусу болуп өттү.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуу "Борбор Азия – АКШ" ("С5+1») форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында орун алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, саясий диалогду чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле Кыргызстанга америкалык инвестицияларды жана технологияларды тартууга өзгөчө көңүл бурушту.
Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасынын АКШ менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, тоо-кен казып алуу, энергетика, маалыматтык технологиялар, транспорт жана финансы тармактарындагы өз ара аракеттенүүнүн келечегин баса белгиледи. Ошондой эле жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жана эки өлкөнүн мамлекеттик органдары менен ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы түз байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Тараптар АКШнын санкциялык саясаты жана визалык чектөөлөр маселелери боюнча да пикир алмашышты. Кыргыз тарап санкциялык талаптарды сактоо маселелери боюнча америкалык өнөктөштөр менен конструктивдүү диалогду улантууга берилгендигин ырастап, гуманитардык, билим берүү жана ишкердик алмашууларды кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн чечимдерди табууга кызыкдар экендигин билдирди.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын президентинин атайын өкүлү Бакыт Сыдыков санкциялык маселелер боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу америкалык тарапка кыскача маалымат берди. Ал Кыргыз Республикасынын жетекчилиги санкциялык чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө жол бербөө, ошондой эле бул багытта конструктивдүү диалогду колдоо максатында америкалык өнөктөштөр менен активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга бекем ниеттенгенин белгиледи.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайлангандыгын эске алуу менен, БУУнун Коопсуздук кеңешинин алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланды.
Жолугушуу тараптардын кыргыз-америкалык мамилелерди мындан ары чыңдоого жана үзгүлтүксүз саясий диалогду колдоого өз ара кызыкдар экендигин тастыктады.