Бишкек, 21.10.26 /Кабар/. "Элдик Банк" жаңы продукту — "Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" жеңилдетилген насыясын сунуштайт.
Бул продукт сүт жана багбанчылык кластерлерин өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстанда айыл чарба өндүрүшүн колдоо үчүн иштелип чыккан.
Насыянын негизги шарттары:
- Пайыздык чен: жылына 6% (натыйжалуу пайыздык чен — 6,16%);
- Сумма: 1 000 000 сомго чейин — сүт жана багбанчылык кластерлеринин катышуучулары үчүн; 10 000 000 сомго чейин — айыл чарба продукциясын кайра иштетүү менен алектенген ишканалар, жеке ишкерлер, ошондой эле асыл тукум мал чарбачылыгы жана үрөнчүлүк чарбалары үчүн;
- Аймактар: Чүй, Нарын жана Жалал-Абад облустары.
Насыяны кимдер ала алат?
- Сүт кластеринде иш алып барган мал чарба субъекттери;
- Багбанчылык тармагында иштеген өсүмдүк өстүрүүчү чарбалар;
- Айыл чарба ишканалары жана жеке ишкерлер.
Айыл чарбасын колдоо — "Элдик Банктын" маанилүү багыттарынын бири.
Насыя алуу шарттары тууралуу толук маалыматты "Элдик Банктын" бөлүмдөрүнөн жана 9111 номери аркылуу билсеңиздер болот.
(КР УБ лицензиясы № 033)