Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Кыргызстанга эт багытындагы абердин-ангус породасындагы асыл тукум уйлардын кошумча партиясы алып келинди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Буга чейин долбоордун алкагында өлкөгө алып келинген 300 баш асыл тукум мал фермерлер арасында толугу менен сатылып кеткен. Суроо-талапты эске алуу менен малдын кошумча партиясын алып келүү чечими кабыл алынган.
Фермерлер асыл тукум уйларды "Кыргыз Агрохолдинг" ААК аркылуу сатып ала алышат.
Мындан тышкары, министрликтин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан программанын алкагында фермерлерге жылдык 3 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Насыянын шарттары:
- Насыя 5 жылга чейин берилет;
- 12 айга чейин жеңилдетилген мөөнөт каралган;
- 500 миң сомго чейин күрөөсүз насыя алууга болот;
- 500 миң сомдон 20 миллион сомго чейин күрөө менен насыя алуу мүмкүнчүлүгү бар.
Насыя алуу үчүн "АБанк" же "Элдик Банкка" кайрылуу зарыл.