Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. 2026-жылы Кыргызстанда агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө 12 млрд 645,7 млн сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, быйыл 8 долбоордун алкагында 10 миң 599 насыя каржыланып, 1 млрд 198 млн сом субсидия берилген. Насыялар жылдык 2-6 пайыз менен 3 жылдан 7 жылга чейинки мөөнөткө сунушталат.
Каржылоонун эң көп көлөмү Чүй облусуна — 3,8 млрд сомго жакын, ал эми эң азы Баткен облусуна — 510,1 млн сомго багытталган.
Ал эми 2027-жылы айыл чарбасын өнүктүрүүгө жалпы 20 млрд сомдук беш жеңилдетилген каржылоо долбоорун ишке ашыруу сунушталып, учурда каралууда.