Айылдарды өнүктүрүүгө 1,5% менен 20 млн доллар насыя тартуу пландалууда

Айылдарды өнүктүрүүгө 1,5% менен 20 млн доллар насыя тартуу пландалууда
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 27.11.26 /Кабар/. Кыргызстанда айыл аймактарын өнүктүрүү үчүн 1,5% жылдык үстөк менен 20 млн доллар насыя тартуу пландалууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, каражат айылдардагы инфраструктураны жакшыртууга, жергиликтүү ишкердикти жана өндүрүштү өнүктүрүүгө жумшалат.

Насыя Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан "Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорго" кошумча каржылоо катары тартылат.

Долбоордун алкагында айылдардагы социалдык-экономикалык шарттарды жакшыртуу, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу, жергиликтүү ишкердикти, өндүрүштү жана кайра иштетүүнү колдоо каралган. Ошондой эле аялдар менен жаштардын жумуш табуу жана киреше алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, аларды ишкердикке үйрөтүү пландалууда.

Насыя 25 жылдык мөөнөткө берилет. Анын жылдык пайыздык чени 1,5%ды түзүп, алгачкы беш жыл жеңилдетилген мезгил катары каралган. Долбоордун иш-чаралары 2027-2031-жылдары ишке ашырылат.

Кошумча каржылоонун эсебинен долбоор камтыган айыл аймактарынын санын 40тан 61ге чейин көбөйтүү пландалууда. Жаңы айыл аймактарынын тизмеси тиешелүү комиссия тарабынан аныкталып, бекитилет.

Министрлик 1,5%дык насыя жарандарга же ишкерлерге түз берилбей турганын белгиледи. Бул — айылдарды өнүктүрүү долбооруна тартылуучу каражаттын пайыздык чени.