Президент Садыр Жапаровдун жарандарды үй оңдоо жана тиричилик муктаждыктары үчүн насыя албоого чакырышы кыргызстандыктардын жеке каражатын канчалык туура башкарып жатканы тууралуу маселени кайрадан күн тартибине чыгарды. Чыгымдарды пландаштыруу, насыя алуудан мурда өз мүмкүнчүлүгүн баалоо жана кирешенин бир бөлүгүн топтоп коюу карыз жүгүнөн алыс болуп, каржылык туруктуулукту сактоого жардам берет. Жарандар акча каражатын башкарууда кандай каталарды көп кетиришет жана жеке бюджетти туура жүргүзүү адатын кантип калыптандырууга болот? Бул тууралуу Улуттук банктын каржылык сабаттуулук тобунун башкы адиси Анара Сабыр кызы "Кабар" агенттигине берген маегинде айтып берди.
— Кыргызстандын тургундары акча маселесинде көбүнчө кандай негизги каталарды кетиришет?
— Мен үч негизги катаны белгилейт элем. Мен негизги үч жагдайды бөлүп көрсөтмөкмүн. Биринчиси — өз мүмкүнчүлүгүнөн ашыкча жашоо: чыгашалар кирешеге караганда тезирээк өсөт, анын үстүнө көп адамдарда үй-бүлөлүк бюджетти пландоо көнүмүшү жок. Экинчиси – насыяга ашыкча көз каранды болуу. Адамдар өздөрүнүн чыныгы каржылык мүмкүнчүлүктөрүн жана карыз жүгүн баалабастан, керектөө муктаждыктары үчүн насыя алышат. Үчүнчүсү – күтүлбөгөн жагдайларга карата каржылык коопсуздук жаздыгынын жоктугу. Көпчүлүктүн эки-үч ай жашоого жеткидей топтогон акчасы жок. Ошондуктан күтүлбөгөн жагдай жаралганда кайрадан насыя алууга аргасыз болушат. Мында негизги көйгөй дайыма эле кирешенин аздыгында эмес. Көп учурда маселе колдо бар каражатты системалуу түрдө башкара албагандыктан келип чыгат.
Кандай гана киреше болбосун, анын бир бөлүгүн топтоп коюу адатын калыптандыруу маанилүү. Бул айлык акы, сый акы же белек катары берилген акча болушу мүмкүн. Каржылык сабаттуулукта "адегенде өзүңө төлө" деген принцип бар. Бул киреше түшкөндө биринчи кезекте анын белгилүү бир бөлүгүн топтоп, калган акчаны күнүмдүк муктаждыктарга жумшоо керек дегенди билдирет.

Баштапкы этапта кирешенин 5-15 пайызын топтоп коюу жетиштүү. Эң негизгиси – муну үзгүлтүксүз жасоо. Бул жерде каржылык тартип чоң роль ойнойт. Биз жашоонун ар кандай тармагында өзүбүздөн тартипти талап кылууга көнгөнбүз. Жеке каржыны башкаруу да мындан четте калбашы керек.
— Өзүңдү каржылык тартипке кантип үйрөтүүгө болот?
— Биринчи кезекте адам каржылык тартиптин зарылдыгын өзү түшүнүшү керек. Психологдор айткандай, баарын мотивациядан жана пайдалуу адаттарды акырындык менен калыптандыруудан баштоо зарыл. 21 күн принциби бар: эгер белгилүү бир аракетти ушул убакыт аралыгында үзгүлтүксүз аткарсаңыз, ал бара-бара адатка айланышы мүмкүн. Каржылык тартип да ушундай адаттардын бири.
Анткени биз тарбиялуу жана тартиптүү болуп төрөлбөйбүз. Мунун баарына бала кезден үйрөнөбүз. Мисалы, саламдашуу адаты күн сайын берилген тарбиянын натыйжасында калыптанат. Акчаны башкаруу жөндөмүн да өзүбүзгө ушундай жол менен акырындык менен үйрөтүшүбүз керек.
Жөнөкөй максат койсо болот: бир ай бою күн сайын аз өлчөмдөгү акчаны топтоо. Эгер ушул тартипти сактай алсаңыз, өзүңүздү жагымдуу нерсе менен кубантсаңыз болот.
"Адегенде өзүңө төлө" деген принцип дайыма эсиңизде болушу керек. Аны күндөлүккө жазып, компьютердин иш тактасына жайгаштырып же көзгө көрүнгөн жерге илип койсоңуз болот. Эң негизгиси, адам бул сапатты өзүндө өзү тарбиялашы керек. Эч ким ага каржылык тартипти күч менен үйрөтө албайт. Тартип жашоонун бардык тармагында, анын ичинде жеке каржыны башкарууда да зарыл.
— Улуттук банктын жакында жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, кыргызстандыктардын жалпы каржылык сабаттуулук деңгээли 4 пайызга, ал эми каржылык билими 10 пайызга өскөн. Бул өсүш канчалык байкаларлык жана эмне үчүн алган билим топтогон акчага айланбай жатат?
— 4 жана 10 пайызга өсүш – оң көрсөткүч. Бул адамдар каржылык кызматтарды, насыяларды, аманаттарды жана тобокелдиктерди жакшырак түшүнө баштаганын билдирет.

Бирок билүү менен аны иш жүзүндө колдонуу – эки башка нерсе. Көпчүлүк учурда буга кирешенин аздыгы, баалардын өсүшү, айлыктын туруктуу болбошу жана акчаны үзгүлтүксүз топтоо адатынын жоктугу тоскоолдук кылат. Мындан тышкары, каржылык сабаттуулук билим менен гана чектелбейт, ал тартипти да талап кылат. Адам акча топтоо зарылдыгын билиши мүмкүн, бирок ай сайын кирешесинин баарын коротот. Ошондуктан кандай гана киреше болбосун, анын жок дегенде 5-10 пайызын, сумма аз болсо да, топтоо адатын калыптандыруу маанилүү.
— Муну кантип туура жолго коюуга болот?
— Ай аяктап калды. Ошондуктан жеке бюджетти жүргүзүүнү 1-декабрдан баштоону сунуштайт элем. Декабрь – өзгөчө түйшүктүү ай: Жаңы жылга даярдык, майрамдык камылгалар, кварталдын жана каржы жылынын аякташы. Бул мезгилде чыгымдар көбөйөт. Ошондуктан дал ушул учурда акчабызды канчалык туура башкарып жатканыбызды даана көрүүгө болот.
Баштоо үчүн жөнөкөй дептер же блокнот жетиштүү. Баракты эки бөлүккө бөлөбүз: "киреше" жана "чыгаша". Киреше бөлүгүнө айлык акыбызды жазабыз, бирок ошол замат каржылык коопсуздук жаздыгын түзүү үчүн анын 5-10 пайызын бөлүп коёбуз. Калган сумманы негизги чыгымдардын түрлөрүнө бөлүштүрөбүз.
Муну ар кандай жол менен жасаса болот. Мисалы, төрт конверт принциби боюнча айлык сумманы төрт бөлүккө бөлүп, ар бир жумага өзүнчө каражат карайбыз. Мында күтүлбөгөн чыгымдарга жана иш-чараларга да алдын ала акча бөлүп коюу керек. Дагы бир ыкма – каражатты артыкчылыктарга жараша бөлүштүрүү. Мисалы, коммуналдык кызматтарга, тамак-ашка, дары-дармекке, кийим-кечеге, иш-чараларга жана күтүлбөгөн жагдайларга өзүнчө каражат бөлүү.
Акчаны акыркы тыйынына чейин күн сайын кайда коротконуңузду жазып туруу маанилүү. Айдын аягында мындай эсеп акчанын кайда жумшалып жатканын жана кайсы сатып алуулардан баш тартууга болорун түшүнүүгө жардам берет.
Күтүүсүздөн жасалган сатып алууларга өзгөчө көңүл буруу керек. Жаңы кийим сатып алардан мурда гардеробду карап чыгып, дагы бир кийим чындап эле керекпи же жокпу, ойлонуп көрүү пайдалуу. Кээде мурдагы кийимге брошка, жоолук же кур кошуп койсоңуз, ал жаңыча көрүнөт. Идиш-аяк жана башка тиричилик буюмдарына да ушундай мамиле кылуу керек. Анткени алардын айрымдары жылдап колдонулбай жата берет.

Эң негизгиси, зарыл болбогон ар бир буюмду сатып алардан мурда өзүңүзгө: "Бул мага чындап эле керекпи?" деген суроону бериңиз. Кээде сатып алуу чечимин бир күнгө жылдырып, андан кийин гана кайра ойлонуп көргөн оң. Бул ашыкча чыгымдардан алыс болуп, үй-бүлөлүк бюджетти туура башкарууга үйрөнүүгө жардам берет.
Ошол эле учурда ар бир адамдын муктаждыгы ар башка. Кимдир бирөө үчүн бюджетти 25 пайыздан бөлүштүрүү толук ылайыктуу болушу мүмкүн. Ал эми үч же андан көп баласы бар үй-бүлөгө мындай ыкма туура келбеши ыктымал. Ошондуктан ар бир адам өзүнүн жагдайын эске алуу менен чыгымдардын ылайыктуу катышын өзү аныкташы керек.
Эки-үч айдагы чыгымдарды талдап чыккандан кийин адам канча акчаны жана кайсы максаттарга бөлүү керектигин, канча каражат топтой аларын жана бюджетти кантип пландаштыруу зарылдыгын түшүнө алат. Баарына бирдей цифраларды жана катыштарды сунуштоо туура эмес. Анткени алар бирөөгө туура келсе, экинчисине туура келбеши мүмкүн. Каржылык пландаштыруу ар бир адамдын жеке жагдайына жараша жүргүзүлөт.
— Калктын насыяга өтө көп көз каранды болуп калганы эң курч көйгөйлөрдүн бири. Жакында президент Садыр Жапаров жарандарды үй оңдоо жана тиричилик муктаждыктары үчүн насыя алуудан баш тартууга чакырып, карызга алынган каражат иштеп, киреше алып келиши керектигин белгилеген. Каржылык сабаттуулук көз карашынан алганда, керектөө насыясын алуу канчалык негиздүү? Кайсы учурда ал чындап зарыл, ал эми кайсы учурда үй-бүлөлүк бюджетке түздөн-түз коркунуч жаратат?
— Мен насыя адамдын көнүп калган керектөө деңгээлин сактап калуунун жолу эмес, жакшылап ойлонулган каржылык чечим болушу керек деген пикирге кошулам.
Эгер чындап зарыл болгон буюмду сатып алуу, шашылыш дарылануу же насыя алуу андан да чоң каржылык жоготуулардын алдын алууга жардам бере турган жагдай болсо, керектөө насыясын алуу негиздүү болушу мүмкүн. Бирок кооз интерьер үчүн гана үйдү оңдоого, кымбат техника сатып алууга же аны төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок туруп той өткөрүүгө насыя алуу тобокелдүү.
Негизги эреже: бардык насыялар боюнча ай сайын төлөнүүчү төлөмдөрдү үй-бүлөнүн жалпы кирешесинин 30-35 пайызынан ашырбоо сунушталат. Мында кирешенин туруктуулугун жана башка милдеттенмелердин бар-жогун да эске алуу зарыл. Насыя үй-бүлөнү кадимкидей тамактануу, коммуналдык кызматтардын акысын төлөө жана акча топтоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпашы керек.
Насыя алардан мурда өз мүмкүнчүлүгүңүздү реалдуу баалап, аны белгиленген мөөнөттө кайтарып бере аларыңызды түшүнүү зарыл. Көп учурда адамдар бир насыя алып, аны төлөй албай калганда, мурунку карызын жабуу үчүн экинчи насыяны алышат. Андан кийин туугандарынан, досторунан жана тааныштарынан карыз сурай башташат. Натыйжада милдеттенмелер кар тогологундай чоңоюп, карыздан кутулуу барган сайын кыйындайт.
Насыя өндүрүштү же бизнести өнүктүрүүгө багытталып, аны төлөө үчүн адамдын так киреше булагы болсо, мындай чечим негиздүү болот. Мисалы, адам белгилүү бир продукцияны өндүрүп, аны сатып, түшкөн пайдасынын эсебинен насыясын төлөсө, бул негиздүү чечим болушу мүмкүн.
— Тойлорго, кошумча чыгымдарга жана туугандарга жардам берүүгө кеткен каражатты кантип пландаштыруу керек?
— Биздин салт-санаабыз маданиятыбыздын маанилүү бөлүгү. Андан баш тартуунун кереги жок. Бирок мындай милдеттенмелердин каржылык жагына болгон мамилени өзгөртүү зарыл. Мен үч ыкманы сунуштайм.
Биринчиси – алдын ала пландаштыруу. Тойлорго, майрамдарга жана үй-бүлөлүк иш-чараларга өзүнчө каражат топтоочу фонд түзүп, ага үзгүлтүксүз аз өлчөмдө акча бөлүп туруу керек.
Экинчиси – каржылык чектөө белгилөө. Башкача айтканда, үй-бүлө насыя албай жана милдеттүү чыгымдарына зыян келтирбей канча каражат коротууга мүмкүнчүлүгү бар экенин аныктап алышы зарыл.
Үчүнчүсү – чыгым боюнча атаандашпоо. Туугандарыбыз же тааныштарыбыз кымбат той өткөрдү деп, биз да алардыкынан кымбат той өткөрүүгө аракет кылбашыбыз керек.

Жакындарыбызга жардам берүү да алдын ала пландаштырылууга тийиш. Өз үй-бүлөбүздүн каржылык туруктуулугун коркунучка салбастан, башкаларга жардам берүү маанилүү.
— Азыркы бааларды жана пайыздык чендерди эске алганда, ипотека алуу канчалык пайдалуу?
— Ипотека турак жай маселесин чечүүнүн жакшы куралы болушу мүмкүн. Бирок анын пайдалуулугу конкреттүү шарттарга жараша болот. Эгер үй-бүлө бул кыймылсыз мүлктө көп жыл жашоону пландап, туруктуу кирешеси жана баштапкы төлөмү болуп, насыяны кыйналбай төлөй алса, ипотека алуу толук негиздүү.
Ал эми ай сайын төлөнүүчү сумма үй-бүлөлүк бюджеттин басымдуу бөлүгүн түзсө же киреше туруктуу болбосо, шашылбаган оң.
Чечим кабыл алууда батирдин баасын жана пайыздык ченди гана эмес, насыя боюнча жалпы ашыкча төлөмдү, баштапкы төлөмдүн өлчөмүн, кошумча чыгымдарды жана ижарага алуу мүмкүнчүлүгүн да салыштыруу маанилүү.
Менин кеңешим: ипотеканы каржылык мүмкүнчүлүктүн чегине жетип эмес, үй-бүлөлүк бюджетте кошумча каражат кала тургандай шартта алуу керек.
— Мыйзамдуу инвестицияны каржы пирамидаларынан кантип айырмалоого болот?
— Буга байланыштуу бир нече кооптуу белги бар. Биринчиси – жогорку кирешеге кепилдик берүү. Эгер кандайдыр бир тобокелдик жок туруп айына 5-10 пайыз киреше табууга убада беришсе, бул олуттуу шектенүүгө негиз болушу керек.
Экинчиси – ачык-айкындуулуктун жоктугу. Компания акча каражаты кайда инвестицияланарын жана пайда кандай жол менен түшөрүн так түшүндүрүп бере албайт.
Үчүнчүсү – жаңы катышуучуларды тартуу аркылуу акча табуу. Эгер негизги киреше жаңы адамдарды чакырууга көз каранды болсо, анда бул каржы пирамидасы болушу мүмкүн.
Акча салуудан мурда уюмдун каттоодон өткөнүн жана ишмердүүлүгү лицензияланууга тийиш болсо, тиешелүү лицензиясынын бар экенин текшерүү зарыл. Ошондой эле келишимди жакшылап окуп чыгып, ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугуна ынануу керек. Эң негизгиси – акыркы акчаңызды салбаңыз, насыя албаңыз жана тез байып кетүү тууралуу күмөндүү убадаларга ишенип, мүлкүңүздү сатпаңыз.
— Маегибизди жыйынтыктап жатып, ар бир жаран жакынкы бир айда кандай үч кадам жасашы керек?
— Мен үч жөнөкөй кадамдан баштоону сунуштайт элем.
Биринчиси – каржылык абалыңызды толук карап чыгуу. Бардык кирешелерди, чыгымдарды, насыяларды жана милдеттенмелерди жазып, акчанын иш жүзүндө кайда жумшалып жатканын аныктоо керек.
Экинчиси – каржылык коопсуздук жаздыгын түзө баштоо. Кирешенин жок дегенде 5-10 пайызын топтоп туруу зарыл. Алгачкы максат – милдеттүү чыгымдардын бир айына жеткидей каражат чогултуу. Андан кийин аны акырындык менен үч-алты айлык чыгымга жеткирүү керек.
Үчүнчүсү – карыз жүгүн кайра карап чыгуу. Өтө зарыл болбосо, жаңы насыяларды албоо жана учурдагы карыздарды төлөө планын иштеп чыгуу зарыл.
Эң негизгиси каржылык туруктуулук чоң кирешеден эмес, акчага болгон туура мамиледен башталарын түшүнүү. Адамдын канча акча тапканы гана эмес, тапкан каражатын кантип башкарганы да маанилүү.