Ишкерлерге берилүүчү насыянын чеги 9 млн сомго чейин көбөйдү

Экономика 16 октябрь 2026 12:30
Ишкерлерге берилүүчү насыянын чеги 9 млн сомго чейин көбөйдү
copyright icon WWW

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" ААК микрофинансылык компания болуп кайра түзүлүп, мамлекеттик кайра каттоодон өттү.

Мекемеден билдиришкендей, бул өзгөрүү чакан жана орто бизнести каржылык колдоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

"Эми ишкерлерге берилүүчү насыянын максималдуу суммасы 5 млн сомдон 9 млн сомго чейин көбөйдү. Бул каражат өндүрүштү кеңейтүүгө, заманбап жабдууларды сатып алууга жана жаңы технологияларды киргизүүгө жумшалышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Микрофинансылык компания статусу Улуттук банктын тиешелүү лицензиясын алгандан кийин депозиттерди тартууга да укуктук негиз түзөт. Бул келечекте каржылоо булактарын кеңейтүүгө шарт түзөт.