"Манас" жана Германиянын TRIWO Hahn аэропорттору өнөктөш болду

Бизнес
IMG_0419.jpeg
IMG_0407.jpeg
IMG_0420.jpeg
IMG_0414.jpeg
IMG_0413.jpeg
IMG_0415.jpeg
IMG_0410.jpeg
IMG_0409.jpeg
IMG_0411.jpeg
IMG_0412.jpeg
IMG_0418.jpeg
IMG_0417.jpeg
IMG_0416.jpeg
IMG_0406.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_0419.jpeg
IMG_0407.jpeg
IMG_0420.jpeg
IMG_0414.jpeg
IMG_0413.jpeg
IMG_0415.jpeg
IMG_0410.jpeg
IMG_0409.jpeg
IMG_0411.jpeg
IMG_0412.jpeg
IMG_0418.jpeg
IMG_0417.jpeg
IMG_0416.jpeg
IMG_0406.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын пресс-кызматы

Бишкек, 21.10.26 /Кабар/. "Манас" жана Германиянын TRIWO Hahn аэропорттору өнөктөш болду. Түзүлгөн келишим жүргүнчүлөр жана жүк авиаташууларын өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана жаңы авиакомпанияларды тартууга багытталган.

Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин көмөгү менен уюштурулган иш сапардын алкагында TRIWO Hahn аэропортунун жетекчилиги “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын коммерция боюнча директору Аман Мамаев баштаган делегация үчүн аэропортто экскурсия өткөрүп, аэропорттун инфратүзүмү, техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана жүк ташуу комплексинин ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Кыргызстандын Европа биримдигинин авиациялык “кара тизмесинен” чыгарылышынан жана Европа менен аба каттамдарын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышынан кийин бул кызматташтык өзгөчө мааниге ээ болууда.

Өнөктөштүк “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын эл аралык деңгээлдеги позициясын бекемдөөгө, ошондой эле өлкөнүн авиациялык жана транзиттик-логистикалык потенциалын өнүктүрүүгө маанилүү кадам болуп калат.