Бишкек, 14.10.26 /Кабар/. “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барып, “Ош” эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин жана жаңы “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Иш сапардын алкагында компаниянын жетекчиси курулуш аянтчаларында болуп, иштердин темпине баа берип, курулуштун сапатына коюлган талаптардын сакталышын текшерди, ошондой эле жооптуу адистердин жана подряддык уюмдардын өкүлдөрүнүн отчетторун укту.
Курулуш иштеринин бекитилген графиктерге ылайык жүргүзүлүшүнө, колдонулуп жаткан материалдардын сапатына, аткарылып жаткан иштердин долбоордук документтерге жана белгиленген техникалык талаптарга шайкештигине өзгөчө көңүл бурулду.
Манасбек Самидинов аталган долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстандын жарандык авиациясын өнүктүрүүдө, аймактардын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууда жана өлкөнүн эл аралык авиациялык потенциалын чыңдоодо стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи.
“Биздин алдыбызда так милдет турат, курулуш иштеринин жогорку сапатын камсыз кылуу жана белгиленген мөөнөттөрдү сактоо. Биз жөн гана жаңы аэропортторду эмес, өлкөбүздүн жарандарына ондогон жылдар бою кызмат кыла турган заманбап авиациялык инфратүзүм куруп жатабыз”, - деп белгиледи Манасбек Самидинов.
“Ош” эл аралык аэропортунда аянты 25 миң чарчы метрден ашкан жаңы заманбап аэробекет комплексинин курулушу уланууда. Жаңы терминал аэропорттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле ички жана эл аралык авиаташууларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт.
Инспекциянын жыйынтыгы боюнча “Ош” эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин курулушун 2026-жылдын аягына чейин бүтүрүү милдети коюлду.
Ал эми жаңы курулуп жаткан “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунда ири масштабдагы иштер жүрүүдө. Долбоордун алкагында заманбап аэропорттук инфратүзүм куруу каралган. Анын курамына аэробекет комплекси, учуп-конуу тилкеси жана аба кемелерин коопсуз жана натыйжалуу тейлөөнү камсыз кылуучу зарыл объекттер кирет.
“Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасынын тапшырмасы боюнча жаңы “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулушу 2027-жылдын III кварталында бүткөрүлүшү керек.