Жакынкы убакта кайсы шаарларда ипотекалык батирлер тапшырылат?

Коом 15 октябрь 2026 10:00
Жакынкы убакта кайсы шаарларда ипотекалык батирлер тапшырылат?
copyright icon Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.10.26 /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан “Кабар” агенттигине билдиришкендей, жакынкы убакта Каракол шаарында 500дөн ашык, Чолпон-Ата шаарында 576 жана Манас шаарындагы үч объекттен 1 миңден ашык батир тапшырылат.

Ал эми Бишкек шаарында Волков жана Кустанай көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан турак жайлардан 1 320 батир пайдаланууга берилет.

Мындан тышкары, жыл аягына чейин премиум класстагы “Ынтымак” турак жай комплексинин биринчи этабынын алкагында 918 батирди берүү пландалууда.

Белгилей кетсек, учурда республика боюнча 83 миңден ашык батирдин курулушу жүрүп жатат. 2026-жылдын аягына чейин алардын ичинен 20 миң батирди пайдаланууга берүү мерчемделген.