Бишкек, 23.10.26 /Кабар/. “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында Жалал-Абад облусунда 9 183 жаран турак жай алууга кезекте турат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын активи жана тургундары менен жолугушкан учурда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, 2025-жылдан бери Мамлекеттик ипотекалык компаниянын көмөгү менен 2 779 үй-бүлө турак жай менен камсыз болду.
Учурда облуста жалпы 12 532 батирге ылайыкталган 15 турак жай комплексинин курулушу жүрүп жатат.
Алардын катарында Кара-Көл шаарындагы 180 батирлүү турак жай комплекси да бар.