Чет өлкөдөн алынып келди: Бийликти басып алууга чакырган жаран кармалды

Укук тартиби 13 октябрь 2026 10:15
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында чет өлкөнүн аймагында жүргөн К.С. аттуу жаран кармалып, Кыргызстанга жеткирилди.

Тергөөдө аныкталгандай, К.С. буга чейин биргелешкен ишкердикти жүргүзүү шылтоосу менен алдоо жолу аркылуу жабырлануучу М.Н.нын 150 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алдап алган. Аталган факты боюнча ага издөө жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн К.С. интернет-ресурстарга чагымчыл мүнөздөгү материалдарды, ошондой эле митингдерди өткөрүүгө, массалык башаламандык уюштурууга жана андан соң бийликти басып алууга чакырыктарды жарыялай баштаган.

Аталган факты боюнча Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренесинде жана 278-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.

"Кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары улантылууда",-деп айтылат маалыматта.