Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Самарканд шаарында "Борбордук Азия жана АКШ" ("С5+1") форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, 2026-жылдын 30-июлунда Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө жүзөгө ашырууга, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту.
Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү келечегин карап чыгышты. "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жол долбоорун ишке ашырууга, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө жана эки өлкөнүн аймактарынын биринчи форумуна даярдык көрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да жакшы коңшулук жана союздаштык мамилелерди чыңдоого, өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин ырасташты.