Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швейцариянын Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин төрагасы Пьер-Андре Паж менен жолугушуу өткөрдү.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-швейцариялык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, саясий диалогду өнүктүрүүгө, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Жээнбек Кулубаев эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдарынын ортосунда тажрыйба алмашууну үзгүлтүксүз жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул контекстте өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөдө жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүүдө парламенттер аралык диалогдун ролу белгиленди.
Ошондой эле тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин карап чыгып, эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз-швейцариялык мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө эки тарап тең кызыкдар экендигин ырасташты.