Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Астанада "Акаба процесси" саммитине катышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, саммит жасалма интеллектти террористтик жана экстремисттик максаттарда колдонуу коркунучтары талкуулоого багытталган.
Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары, Иорданиянын падышасы, башка өлкөлөрдүн жогорку даражалуу өкүлдөрү, тармактык ведомстволордун жетекчилери жана эл аралык эксперттер катышты.
Саммиттин жүрүшүндө катышуучулар жасалма интеллект технологияларын террористтик жана экстремисттик максаттарда колдонууга, анын ичинде жалган маалымат жайылтууга, киберкоркунучтарга жана дипфейктерди колдонууга байланыштуу эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Ж.Кулубаев эл аралык кызматташтыкты бекемдөөнүн, тажрыйба алмашуунун жана санариптик технологиялардын тез өнүгүшү менен келип чыккан жаңы коркунучтардын алдын алуу боюнча макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында аймактык жана эл аралык коопсуздукту чыңдоо максатында "Акаба процессинин" алкагында өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиги ырасталды.