Кулубаев Казакстандын элчисин кабыл алды

Саясат
Кулубаев Казакстандын элчисин кабыл алды
Кулубаев Казакстандын элчисин кабыл алды
Кулубаев Казакстандын элчисин кабыл алды
Кулубаев Казакстандын элчисин кабыл алды
Алдыга
Артка
Кулубаев Казакстандын элчисин кабыл алды
Кулубаев Казакстандын элчисин кабыл алды
Кулубаев Казакстандын элчисин кабыл алды
Кулубаев Казакстандын элчисин кабыл алды
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Абылкаир Скаковду кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, транзиттик-транспорттук жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү келечектүү багыттарын талкуулашты.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын ишин модернизациялоо жана алардын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында инфраструктурасын жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен инвестициялык жана соода долбоорлорун илгерилетүү боюнча чаралар талкууланды.

Жээнбек Кулубаев жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде жетишилген макулдашууларды өз убагында ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда ТИМ башчысы Абылкаир Скаковду Казакстандын элчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, бул жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.