Кыргызстан менен Казакстан салык тармагында тажрыйба алмашат

Экономика
Кыргызстан менен Казакстан салык тармагында тажрыйба алмашат
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Казакстандын элчиси Абылкаир Скаков менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Казакстандын салык органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Салыктык башкаруу чөйрөсүндө тажрыйба алмашууга, санариптик технологияларды киргизүүгө жана салык жол-жоболорун өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун катышуучулары эки өлкөнүн салык органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүнүн, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча жумушчу консультацияларды өткөрүүнүн жана практикалык тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген багыттар боюнча конструктивдүү диалогду улантууга өз ара кызыкдар экендигин ырасташты.