Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Эртең, 10-ноябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Москва шаарында өтүүчү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) уставдык органдарынын биргелешкен жыйынына катышат.
ТИМден билдиришкендей, жыйында аймактык жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелери, ЖККУнун жоопкерчилик аймагындагы аскердик-саясий кырдаал жана мүчө мамлекеттердин өз ара кызматташтыгын мындан ары чыңдоо маселелери талкууланат.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерди жактыруу жана аларды 2026-жылдын 11-ноябрында өтүүчү ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизүү пландаштырылууда.
Иш сапардын алкагында Жээнбек Кулубаев көп уюлдуу дүйнөнүн калыптануу шарттарында көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоо маселелерине арналган Жамааттык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча эл аралык форумга да катышат.