Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) вице-президенти, Австрия Улуттук кеңешинин депутаты Гудрун Куглер менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын ЕККУ ПА менен өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Европа жана Борбор Азия сыяктуу географиялык жактан алыс, бирок өз ара тыгыз байланышкан аймактардын ортосундагы диалогду чыңдоодо көп тараптуу аянтчалардагы парламенттер аралык кызматташтыктын маанилүү ролу баса белгиленди.
Эл аралык күн тартибиндеги кеңири чөйрөдөгү маселелер боюнча позицияларды жакындаштырууда жана ЕККУ мейкиндигинде коопсуздукту чыңдоодо парламенттик дипломатиянын маанисине өзгөчө көңүл бурулду.
2025-жылдын ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын миссиясы менен жемиштүү кызматташтык белгиленди.
Кыргыз тарап ЕККУ ПАнын байкоочуларынын шайлоо процессине катышуусуна жогору баа берип, шайлоо маселелери боюнча ЕККУнун институттары менен конструктивдүү диалогдун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Кыргызстан менен Австриянын 2027–2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчөлүгүнүн алкагындагы өз ара аракеттенүүсүнүн келечеги өзүнчө каралды.
Кыргыз тарап ошондой эле тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы улуттук демилгелерди тааныштырып, 2027-жылдын 21–23-октябрында өтүшү пландалган "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммитине даярдык көрүү иштери тууралуу маалымат берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду мындан ары өнүктүрүүгө жана ЕККУнун алкагындагы кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экендиктерин ырасташты.