Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. 9-ноябрда словен тараптын демилгеси менен тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Словениянын Кыргызстандагы (Москва шаарында резиденциясы менен) элчиси Аленка Сухадолник менен жолугушту.
Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда тараптар саясий диалогду активдештирүү, парламенттер аралык жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүү, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү келечегине бурулду. Ушуга байланыштуу тараптар алдын ала саясий консультацияларды өткөрүүнүн жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес-форум уюштуруунун максатка ылайыктуулугун белгилешти. Кызматташтыктын келечектүү багыттары катары энергетика, гидроэнергетика жана туризм тармактары, анын ичинде тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга словениялык инвестицияларды тартуу маселелери белгиленди.
Ошондой эле тараптар Кыргыз Республикасында биргелешкен маданий иш-чараларды өткөрүүнү камтыган маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулашты.