Астанада жасалма интеллект боюнча Акаба процессинин саммити өтүүдө

Борбор Азия
Астанада жасалма интеллект боюнча Акаба процессинин саммити өтүүдө
copyright icon Акорда

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 06.11.26. /Кабар Астанада "Жасалма интеллект коопсуздугу" боюнча Акаба процессинин саммити өтүп жатат, деп билдирди Казинформ маалымат агенттиги.

Саммитке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Иорданиянын падышасы Абдалла II бин Аль-Хусейн, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Азербайжандын Улуттук жыйынынын төрагасы Сахиба Гафарова, Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана башка расмий өкүлдөр катышууда.

Акаба процесси – 2015-жылы Иорданиянын падышасы Абдулла II бин Аль Хуссейн тарабынан башталган терроризмге жана зордук-зомбулук экстремизмине каршы күрөшүү боюнча эл аралык демилге.

Бул платформа мамлекет башчыларын, чалгындоо кызматтарынын, аскердик мекемелердин жана эл аралык уюмдардын жетекчилерин коркунучтарды жалпы түшүнүү жана практикалык жоопторду координациялоо үчүн бириктирет.