Жээнбек Кулубаев Батуми портунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Саясат
IMG_9098.jpeg
IMG_9099.jpeg
IMG_9100.jpeg
IMG_9101.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_9098.jpeg
IMG_9099.jpeg
IMG_9100.jpeg
IMG_9101.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 24.10.26. /Кабар/. Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Грузиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Батуми портунун ишмердүүлүгү менен тааныштыруу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө катышуучулар порттун ишмердүүлүгү, инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрү жана эл аралык жүк ташууларды камсыз кылуудагы ролу менен таанышып, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен Грузиянын ортосундагы транспорттук-логистикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Маалымат үчүн: Батуми порту Борбордук Азия аймагын Европанын рыноктору менен байланыштырган транспорттук коммуникациялар системасында маанилүү орунду ээлейт. Географиялык жайгашуусу жана Кара деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү менен порт Азия менен Европанын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн Транскаспий эл аралык транспорттук маршрутунун маанилүү звенолорунун бири болуп саналат.

Грузияга болгон жумушчу сапарынын алкагында министр Жээнбек Кулубаев ошондой эле Ажария Автономиялуу Республикасынын өкмөтүнүн төрагасы тарабынан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн делегация башчыларынын урматына уюштурулган кабыл алууга катышты.