"Тамчы" АФИАсы Дубайдагы AIM Congress 2026 форумуна өнөктөш болду

Экономика 9 сентябрь 2026 10:10
IMG_7448.png
IMG_7449.png
IMG_7450.png
IMG_7451.png
Алдыга
Артка
IMG_7448.png
IMG_7449.png
IMG_7450.png
IMG_7451.png
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 09.09.26 /Кабар/. 7–9-сентябрь күндөрү Дубай шаарында AIM Congress 2026 инвестициялык форуму өтүп, анда "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагы (АФИА) өнөктөш катары катышып, долбоорун Перс булуңундагы өлкөлөрдүн мамлекеттик жана ишкер чөйрөлөрүнө тааныштырды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын делегациясын "Тамчы" АФИАсын башкаруу боюнча кеңештин төрагасы Аяз Баетов жетектеди. Форумдун алкагында БАЭнин мамлекеттик органдарынын, эл аралык финансылык борборлордун жана ири компаниялардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар өттү.

Негизги көңүл төмөнкү багыттарга бурулду:

  • Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө;
  • "Борбор Азия — Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши" (GCC) форматындагы өз ара аракеттенүүгө;
  • Перс булуңундагы финансылык борборлор менен байланыштарды түзүүгө;
  • Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы долбоорлорго эл аралык компанияларды тартууга.

Ошондой эле "Тамчы" АФИАсынын укуктук жана институционалдык модели тууралуу маалымат берилип, анда англиялык жалпы укуктун принциптери, көз карандысыз жөнгө салуу жана сот системасы, санариптик башкаруу жана атайын салык режими каралгандыгы айтылды.

AIM Congress 2026 форумуна дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнөн 15 миңден ашык өкүл катышты.