Дубай туруктуу саякатчылар үчүн виза тартибин жеңилдетти

Дүйнө
Дубай туруктуу саякатчылар үчүн виза тартибин жеңилдетти
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Дубай туристтер үчүн дүйнөдөгү биринчи мүчөлүк программасын ишке киргизди, деп билдирүүдө жергиликтүү маалымат каражаттары. Бул Эмиратка туруктуу келип жүргөн туристтерге атайын бонустарды жана кызматтарга жөнөкөйлөтүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү алууга мүмкүндүк берет.

Маалыматка караганда, Дубай мүчөлөрүнө беш жылдык көп жолку кирүү визасын жана бир катар эксклюзивдүү артыкчылыктарды сунуштаган Dubai Access Club туризм программасын ишке киргизүүдө. Бул программа эмиратка туруктуу туристтерди тартууга жана аларга эс алуу, саякаттоо үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

Программанын баасы болжол менен 1100 долларды түзөт. Андан өткөндөр беш жылдык көп жолку кирүү визасын алышат. Аларга бир жылдын ичинде ар бир сапарда 90 күнгө чейин өлкөдө калууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле мүчөлөр болжол менен 545 доллар өлчөмүндө бонус алышат. Каражатты туристтер мейманкана, аттракцион жана атайын тандалган дүкөндөргө коротушса болот.

Программа Visit Dubai компаниясынын тандалган корпоративдик жана лоялдуулук өнөктөштөрү аркылуу жеткиликтүү. Кызыктар тараптар өз арыздарын уюмдун расмий веб-сайтында каттай алышат. Мүчөлүк боюнча акыркы чечим Резиденттик жана чет элдиктер иштери боюнча башкы башкармалык тарабынан бекитилгенден кийин кабыл алынат.