Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Жомок каньону быйылкы жылдын 9 айында жергиликтүү бюджетке 7,5 млн сом киреше алып келди. Бул тууралуу Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Бактыбек Осмонов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, учурда райондо туристтик аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу жана келген туристтер үчүн шарттарды түзүү багытында бир катар иштер жүргүзүлүүдө.
“Жомок каньонуна чет өлкөлүк туристтер көп келишет. Буга байланыштуу аймакты иретке келтирүү жана туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен биринчи этапта 36 млн сомдук иштер башталган. 2025-жылга чейин каньондун аймагы жеке ишкерге ижарага берилип кеткен. Бирок, жайыт жер экенин эске алуу менен былтыр тараптардын макулдашуусунун негизинде ижара келишими токтотулуп, айыл өкмөтүнүн карамагына кайтарылган. Былтыр Жомоктон айыл өкмөттүн бюджетине 5,5 млн сом түшкөн. Ал эми быйылкы жылдын 9 айында эле каньон 7,5 млн сом киреше алып келди. Азыр ал жакта туристтер үчүн шарттарды түзүү иштери жүрүп жатат”, — деди Бактыбек Осмонов.
Мындан тышкары, райондогу дагы бир туристтик жай — Туздуу көлдүн инфраструктурасын жакшыртуу иштери да жүргүзүлүүдө. Бул максатта демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 17 млн сомдук долбоор ишке ашырылып, көлгө 4,5 чакырым аралыктан электр энергиясы тартылган. Буга чейин аймакта электр энергиясы болгон эмес.
Ошондой эле бул жерде скважина казылып, таза суу чыгарылган жана санитардык талаптарга жооп берген ажатканалар курулган.
Аким белгилегендей, туристтик жайларда шарттарды жакшыртуу менен катар жергиликтүү бюджетке түшкөн кирешени көбөйтүү максаты да коюлган.
Учурда Туздуу көлдө да жакшы шарттар түзүлүү менен жергиликтүү бюджетке каражат түшө баштаганы кошумчаланды.