“Ала-Тоо Резорт” ишке кирсе салыктык түшүүлөр жогорулайт – аким

Аймак
“Ала-Тоо Резорт” ишке кирсе салыктык түшүүлөр жогорулайт – аким
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин биринчи этабын ишке ашыруунун алкагында туризмдин өнүгүшү башка тармактарга да салымын кошууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун акими Канат Калдаралиев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, курулуш тармагы өрүш алып, инфраструктуралар жаңыланууда.

Калдаралиев белгилегендей, эмки жылы жергиликтүү бюджетке 100 млн сомдой салыктык киреше түшөрү күтүлүүдө.

“Өнөр жай тармагы мурдагы жылдарга салыштырмалуу эки эсеге өстү. “Ала-Тоо Резорт” тоо кластерин ишке ашыруунун алкагында инфраструктуралар жаңыланууда. Жыргалаң шаарчасына чейин 100 чакырымга созулган жаңы жол салынып жатат. Ошондой эле жаңы жумуш орундары түзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин эле “Ала-Тоо Резортко” 150дөй адам жумушка алынды. Мындан тышкары, мейманкана куруп жаткан ишкерлер, подрядчылар жумушчуларды, куруучуларды иштетүүдө. Бул ири долбоор ишке кирип, Хан-Теңири айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине салык түшсө, дотациядан чыгат деп пландалууда. 2027-жылы болжол менен 100 млн сомдой салыктык киреше түшөрү күтүлүп жатат”, - деди ал.