Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Түштүк Кореяга келген чет элдик туристтердин саны биринчи жолу 20 миллиондон ашып, жаңы рекорд коёт. Бул туурасында The Korea Times гезити билдирүүдө.
Корея Республикасынын Маданият, спорт жана туризм министрлигинин алдын ала маалыматтарына ылайык, ушул жуманын башына карата өлкөгө болжол менен 18,91 миллион чет элдик саякатчы келген. Бул көрсөткүч өткөн жылдагы 18,94 миллиондук рекордго жакындап баратат.
Министрлик ноябрь айында өлкөгө кошумча 1,94 миллион турист келет деп күтүүдө. Эгерде тенденция азыркыдай улана берсе, ноябрдын үчүнчү жумасына чейин 20 миллиондук чекке жетет. Айтмакчы, Корея өкмөтү быйыл 23 миллион чет элдик туристти тартуу максатын койгон.
Бийлик өлкөнүн туристтик жагымдуулугунун өсүшүн кореялык поп-маданияттын дүйнөлүк популярдуулугуна, туризм индустриясынын өнүгүшүнө жана жергиликтүү калктын меймандостугуна байланыштырат.
Чет элдик туристтердин чыгымдары өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 47,7 пайызга өскөн. Негизги каражат соода, жатакана, медициналык жана ден соолукту чыңдоо кызматтарына түштү.

Буга чейин Түштүк Корея дүйнөгө белгилүү BTS тобунун популярдуулугунун аркасы менен рекорддук туристтик агымга жеткенин кабарлаган эле.