Ысык-Көлдө 70-80 үй-бүлөнүн туристтик ишмердигине байланышкан маселе чечилет

Аймак
Ысык-Көлдө 70-80 үй-бүлөнүн туристтик ишмердигине байланышкан маселе чечилет
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 14.11.26 /Кабар/. Ысык-Көл облусунда суу жээктерине жакын жайгашкан аймактарда туристтик объекттерди курууга байланышкан чектөөлөрдү жеңилдетүү маселеси каралууда. Бул маселе президент Садыр Жапаровдун Түп жана Ак-Суу райондорунун тургундары менен жолугушуусунда көтөрүлдү.

Жолугушууда Каракол шаарына караштуу Челпек айылынын Кашка-Суу тилкесиндеги дача тилкелеринде жашаган 70-80 үй-бүлөнүн көйгөйү айтылды. Алар конок үйлөрүн куруп, туристтик кызмат көрсөтүүнү каалашарын, бирок архитектуралык талаптарга жана суу жээгиндеги чектөөлөргө байланыштуу ишин жүргүзө албай жатышканын билдиришти.

Президент бул маселени чечүү жолдорун колдоорун айтып, суу жээгиндеги курулуштарга коюлган чектөө аралыгын 75 метрден 25 метрге чейин кыскартуу жана саркынды сууларды тазалоочу жабдуулары бар жеңил конструкциядагы объекттерди курууга уруксат берүүнү тиешелүү органдарга тапшырды.