Жалал-Абадга келген туристтердин саны өсүп, 40 жаңы эс алуу жайы ачылды

Аймак
Жалал-Абадга келген туристтердин саны өсүп, 40 жаңы эс алуу жайы ачылды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. 2026-жылдын тогуз айында Жалал-Абад облусунун туристтик объектилерине 387 миң 869 турист келген. Бул тууралуу күн мурун облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйында белгилүү болду.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 40%га көп.

Ошондой эле жыйында бул аралыкта облуста 40 жаңы эс алуу жайы ачылганы айтылды.