Кыргыз киносу 85 жылдык тарыхында бир нече өнүгүү баскычын басып өтүп, “кыргыз керемети” деген аталыш менен дүйнөлүк кинематографияда өз ордун тапты. Бүгүн тармак жаңы өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Мамлекет тарабынан колдоо күчөп, киностудиялардын материалдык-техникалык базасы жаңыланып, жаңы тасмалар тартылууда. Алдыда кыргыз киносу 100 жылдык мааракесине чейин кандай ийгиликтерге жетиши мүмкүн жана эл аралык рынокто өз ордун табуу үчүн эмне кылышы керек? Бул суроолорго “Кабар” агенттиги жооп издейт.
Кыргыз киносу 85 жылдык тарыхында бир нече доорду башынан өткөрдү. 1941-жылы киностудия түзүлүп, 1960-жылдары “кыргыз керемети” жаралып, эгемендик жылдарындагы оор сыноолорго карабастан, улуттук кинематография өнүгүүсүн улантты. Бүгүн мамлекет тарабынан кино тармагына колдоо күчөп, жаңы тасмалар жана сериалдар тартылууда.
Кино таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Гүлбара Төлөмүшова "Кабар" агенттигине билдиргендей, кыргыз киносунун тарыхындагы ар бир доор өзүнүн өзгөчөлүгү менен айырмаланат.

Анын айтымында, 1917-жылга чейин Кыргызстанда кино өндүрүшү болгон эмес. 1920-жылдары Москвадан кинооператорлор келип, кыргыз элинин турмушун чагылдырган тасмаларды тарта башташкан.
1927-жылы өзбек кинематографисттери кыргыз турмушунун негизинде алгачкы көркөм фильмдердин бири — режиссёр Олег Фрелих тарткан “Крытый фургон” тасмасын жаратышкан. Анда башкы ролду кыргыздын алгачкы киноактрисасы катары таанылган Айша Түмөнбаева (Карасаева) аткарган. Тасмада жарандык согуш мезгилиндеги Кыргызстандагы окуялар, сүйүүсүнө жетпей, өзү каалабаган адамга турмушка берилген Айжамал аттуу кыздын тагдыры баяндалат.
1930-жылдардын экинчи жарымында кыргыз кинематографиясын түзүү маданий өнүгүүнүн маанилүү багыттарынын бирине айланган. Бул иштерге өзбек киночулары, анын ичинде Малик Каюмов жетектеген чыгармачыл топ да чоң көмөк көрсөткөн.
1941-жылдын 17-ноябрында Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар кеңеши Фрунзе шаарында кинохроника студиясын уюштуруу жөнүндө токтом кабыл алган. Бул дата кыргыз киночуларынын кесиптик майрамы катары белгиленип келет.
Ал эми 1955-жылы “Мосфильм” киностудиясы Кыргызстанда “Салтанат” аттуу көркөм фильм тарткан. Аны тартуу иштери Кыргызстанда жүргүзүлүп, павильондогу тартуулар жана тасманы даярдоо иштери Москвада аткарылган.
“Кыргыз кереметинин” жаралышы
Кино таануучу белгилегендей, кыргыз киносундагы сапаттык өсүш 1950-жылдардын ортосунда даректүү тасмалардан башталган. Москва жана Ленинград шаарларында атайын билим алган кыргызстандык кинематографисттер күнүмдүк окуяларды жөн гана баяндабастан, аларды көркөм образдар аркылуу чагылдырууга өтүшкөн. Натыйжада тасмаларда адамдын ички дүйнөсүн, мүнөзүн жана коомдогу ордун терең ачууга басым жасала баштаган.

1963-жылы Кыргызстанга Москвадан режиссёр жана кино таануучу Сергей Юткевич келип, кыргыз фильмдерин көргөндөн кийин аларга жогору баа берип, “Бул — кыргыз керемети!” деген. Кийин бул сөз кыргыз киносунун өзгөчө өнүгүү доорун мүнөздөгөн аталышка айланган.
1960-жылдардагы “Кыргызфильм” киностудиясынын чыгармачылык өсүшү анын ошол кездеги директору Шаршен Усубалиевдин ысымы менен да байланыштуу. Ал студияда чыгармачыл чөйрөнү түзүүгө жана кинематографисттердин иштөөсүнө ыңгайлуу шарттарды камсыздоого салым кошкон.
Бул мезгилде кыргыз адабиятынын да өнүгүшү кинематографияга чоң таасир берген. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына советтик режиссёрлор кызыгып, аларды экрандаштырууга умтулушкан. 1961-жылы жазуучу Кыргызстандын Кинематографисттер союзун жетектеп, бул кызматты 25 жыл аркалаган.

Кыргыз киносунун дүйнөгө таанылышына режиссёрлор Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев жана Геннадий Базаров чоң салым кошкон. Алар 1950-жылдардын аягы — 1960-жылдардын башында чыгармачылык жолун баштап, көркөмдүүлүгү жана өзгөчө баяндоо ыкмасы менен айырмаланган тасмаларды жаратышкан. Алардын эмгектери аркылуу кыргыз кинематографиясы 1960-жылдардын ортосунда эл аралык деңгээлде тааныла баштаган.
Ошол эле учурда “Кыргызфильмде” Москвадан жана Советтер союзунун башка шаарларынан келген жаш режиссёрлор да иштеген. Алардын арасында Лариса Шепитько (“Зной”), Андрей Михалков-Кончаловский (“Биринчи мугалим”), Альгимантас Видугирис жана башкалар бар. Айрымдары алгачкы фильмдерин Кыргызстанда тартып, кийин өз өлкөлөрүнө кайтышкан. Ал эми Альгимантас Видугирис “Кыргызфильмде” калып, кыргыз кинематографиясынын өнүгүшүнө өз салымын кошкон. Анын “Нарын күндөлүгү” жана “Тынч эмес күндүн жылында” аттуу даректүү тасмаларында ири курулуштардын фонунда карапайым адамдардын турмушу жана ички дүйнөсү чагылдырылган.
Эгемендик жылдарындагы кыргыз киносу
1988–1993-жылдардагы тарыхый өзгөрүүлөр кыргыз киносунда да чагылдырылган. Советтер союзу тарагандан кийин мурдагы республикалардын ортосундагы бирдиктүү кино өндүрүш системасы бузулуп, Москвадан каржылоо токтогон. Натыйжада “Кыргызфильм” бир нече жыл оор кризисти башынан өткөрүп, мамлекеттик кино өндүрүшүн каржылоого каражат жетишсиз болгон.
Ошого карабастан, Кыргызстанда кино тартуу токтоп калган эмес. Жеке киностудиялар пайда болуп, айрым кинематографисттер Казакстандагы кесиптештери менен кызматташа башташкан.
Бул мезгилде жаңы режиссёрлордун мууну калыптанды. Алардын арасында Бекжан Айткулуев, Мурат Мамбетов, Актан Арым Кубат жана Марат Сарулу бар. Алар өз тасмаларында коомдогу өзгөрүүлөрдү, адамдардын тагдырын жана ошол мезгилдин кыйынчылыктарын чагылдырышкан.

1990-жылдары кыргыз киносунда “керемет” кайрадан жаралган. Каржылык мүмкүнчүлүктөр чектелүү болгонуна карабастан, Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Темир Бирназаров сыяктуу режиссёрлор өз эмгектери менен айырмаланышкан.
Актан Арым Кубаттын “Селкинчек” тасмасы 1993-жылы Локарно эл аралык кинофестивалында көрсөтүлүп, “Келечектин илбирстери” сыйлыгына ээ болгон. Кийин режиссёр француз киностудиясы менен кызматташып, “Бешкемпир” тасмасын жараткан. Темир Бирназаровдун “Ыйлаба, Носорог” тасмасы да эл аралык кинофестивалдарда сыйлыктарга татыган. Ал эми Марат Сарулу казак продюсерлери менен кызматташып, “Үмүттө” жана “Бир тууганым, Жибек жолу” тасмаларын тарткан.
2001-жылдын 6-сентябрында Кыргызстандын парламенти “Кинематографияны мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамды кабыл алган. Бул улуттук кинону мамлекеттик деңгээлде колдоого алуунун маанилүү кадамы болгон. Акыркы 10–15 жылда кыргыз тасмалары эл аралык абройлуу фестивалдарга катышып, дүйнөлүк көрүүчүлөрдүн көңүлүн бура баштады. Алардын катарында “Свет-аке”, “Курманжан датка”, “Атанын керээзи”, “Сютак”, “Асман алдында”, “Түнкү кырсык”, “Көч” жана “Саякбай” сыяктуу тасмалар бар.
Кыргыз киносунун жаңы доору
Гүлбара Төлөмүшова белгилегендей, 2025–2026-жылдары мамлекет тарабынан кино өндүрүшүнө олуттуу каражат бөлүнө башташы тармактын жаңы өнүгүү баскычына өтүшүнө шарт түзүүдө.
Бул мезгилде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон инсандар тууралуу тарыхый тасмаларга да көңүл бурулууда. Алардын катарында Сүйүн Откеевдин “Кара Кыргыз” сериалы, Таалай Кулмендеевдин Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнө арналган “Жусуп” тасмасы жана Каныбек Калматовдун Чыңгыз Айтматов тууралуу “Айтматов” фильми бар.

Ошондой эле режиссёр Тилек Абдыкадыр Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнө арналган төрт сериялуу тарыхый-даректүү киноэпопеясы үчүн 2026-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган.
Кино таануучу кыргыз киносунун жаңы доорун жаратуу үчүн чыгармачыл мүмкүнчүлүктөрдү колдоо жана мурдагы муундардын тажрыйбасын улантуу маанилүү экенин белгилейт.
Кино тармагына мамлекеттик колдоо күчөйт
Кинематография департаментинин директору Талантбек Төлөбеков “Кабар” агенттигине билдиргендей, акыркы эки-үч жылдан бери мамлекет тарабынан кино тармагына көңүл бурулуп, каржылык колдоо көрсөтүлүп, чыгармачылыкка шарт түзүлүүдө. Натыйжада, жаңы долбоорлор ишке ашып, белгилүү режиссёрлор жана жеке киностудиялар да тармакка активдүү аралаша баштады.

“Мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп, чыгармачылыкка эркиндик берилди. Биз бул ишенимди жоопкерчилик менен кабыл алышыбыз керек. Азыр сапаттуу сценарийлердин жана тасмалардын жаралышына шарт түзүлүп жатат. Жыл аягына чейин жаңы сериалдар жана тасмалар көрүүчүлөргө сунушталат деп турабыз”, — деди ал.
Төлөбеков кадр маселесине да токтолуп, Кыргызстанда кино тармагына адистерди даярдаган төрт окуу жай бар экенин белгиледи. Алардын катарында Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети, Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Борбор Азиядагы Америка университети жана Визуалдык медиа департаментине караштуу Комплекс колледжи бар.
Ошондой эле 2027-жылдан тарта маданият тармагындагы адистерди чет өлкөлөрдө окутуу боюнча жаңы программа ишке киргизүү пландалууда. Бул багытта кино тармагына керектүү 60ка жакын адистик аныкталган. Алардын арасында оператордук өнөр, продюсерлик, жасалма интеллект, VFX, анимация, үн жана жарык режиссурасы, костюм дизайны жана башкалар бар.
“Департаменттин алдыдагы негизги максаты — кыргыз киносун дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу. Бул үчүн "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолу программасынын алкагында жаңы долбоорлорду колдоо, эл аралык фестивалдарга катышууга мүмкүнчүлүк түзүү жана аймактардагы кинотеатрларды жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.
Кыргыз киносунун жаңы доорун жаратууну көздөп жатабыз. Аймактарда кино көрсөтүү шарттарын жакшыртуу үчүн жеке компаниялар жана инвесторлор менен иштешип жатабыз. Учурда 20га жакын кинотеатр ижарага берилип, аларды оңдоп-түзөө жана заманбап шарттарга келтирүү иштери жүрүүдө”, — деди Талантбек Төлөбеков.
Өндүрүш жана эл аралык кызматташтык кеңейүүдө
Ал эми Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясында акыркы жылдары кино өндүрүшүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, материалдык-техникалык базаны жаңылоо жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү багытында бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу киностудиянын жетекчиси Максат Жумаев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2025-жылы киностудиянын материалдык-техникалык базасын чыңдоого республикалык бюджеттен 166 млн 850 миң сом бөлүнгөн. Бул каражатка үн монтаждоо үчүн техникалар, жарык берүүчү жабдуулар жана фильм тартууга керектүү аппаратуралар сатылып алынган. Ал эми 2026-жылы киностудиянын имараттарын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 71 млн 109 миң сом каралып, учурда тиешелүү иштер жүрүп жатат.
Мындан тышкары, фильм өндүрүшүнө бөлүнгөн каражаттын көлөмү да көбөйүп, 2025-жылы 289 млн сомдон ашык каражат бөлүнсө, 2026-жылы фильмдерди өндүрүүгө жана чыгармачылык долбоорлорго жалпы 365 млн 789 миң сом каралган.
Жумаев кыргыз киносун эл аралык рынокко чыгаруу үчүн тасмаларды тартуу менен катар аларды чет өлкөлөрдө жайылтуу системасын өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, бул үчүн эл аралык дистрибьюторлор жана стриминг платформалары менен байланыш түзүү, фильмдерди чет тилдерине которуу, субтитр жана дубляж даярдоо, жарнамалык материалдарды иштеп чыгуу маанилүү. Ошондой эле эл аралык сатуу, маркетинг жана продюсерлик багытындагы адистерди даярдоого көңүл буруу керек.
“Учурда “Кыргызфильм” чет өлкөлүк киностудиялар жана кино өндүрүш компаниялары менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда. Алардын бири — Россиянын Санкт-Петербург даректүү фильмдер студиясы менен тартылып жаткан “Высота 144” толук метраждуу көркөм тасмасы. Долбоор боюнча келишим 2026-жылдын май айында түзүлүп, тартуу иштери Беларусь Республикасынын Минск шаарында жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, Түркиянын Gezginci Medya компаниясы менен “Ата-Бейит” аттуу толук метраждуу даректүү фильмдин үстүндө иш жүргүзүлүүдө. Келишим 28-майда түзүлүп, учурда сценарийдин концепциясы түрк тарап менен биргеликте иштелип жатат.
Кыргызстан, Казакстан, Сауд Арабиясы, Швейцария жана Түштүк Кореянын өнөктөштөрүнүн катышуусунда “Счетту төлөңүз” (“Оплатите счёт”) аттуу толук метраждуу көркөм фильмдин өндүрүшү да жүрүүдө. Ал эми Кытай, Өзбекстан жана Кыргызстандын катышуусунда “Наш день” аттуу эл аралык долбоор ишке ашырылууда.
Киностудиянын фильмдери эл аралык кинофестивалдарга да катышып келет. Атап айтканда, ноябрь айында өткөн "Коркут ата" түрк дүйнөсүнүн кинофестивалында “Жусуп” толук метраждуу көркөм тасмасы “Мыкты сценарий” номинациясы боюнча сыйлыкка ээ болгон. Ошондой эле “Карылар дүкөнү” көркөм фильми Таллин шаарындагы эл аралык кинофестивалга катышууда.

Көркөм, даректүү жана анимациялык фильмдерди өндүрүү боюнча да иштер уланууда. 2025-жылы 5 толук метраждуу жана 4 кыска метраждуу көркөм фильм, 5 толук метраждуу жана 28 кыска метраждуу даректүү фильм, 2 анимациялык фильм жана 1 ко-продукциялык долбоор каржылоого алынды.
Ал эми 2026-жылы 10 толук метраждуу, 2 кыска метраждуу көркөм фильм, 5 ко-продукциялык долбоор, 3 анимациялык жана 2 толук метраждуу даректүү фильмди өндүрүүгө каражат бөлүндү. Мындан тышкары, кыска метраждуу даректүү фильмдерди даярдоо, видеороликтерди жана санарип театр долбоорлорун ишке ашыруу, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган мультфильмдерди тартуу да колдоого алынды.
Көрүүчүлөргө сунушталган фильмдердин катарында “Экөөбүз”, “Каргыш”, “2001” жана “Наристе” тасмалары бар. “Наристенин” бет ачары 2026-жылдын 13-майында өтүп, 14-майдан тартып кинотеатрларда көрсөтүлө баштады.
Киностудиянын негизги максаты — кыргыз кино өндүрүшүнүн сапатын жогорулатуу, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана ата мекендик тасмаларды дүйнөлүк көрүүчүлөргө жеткирүү”, - деди жетекчи.