Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Талас облустук музыкалык драма театры Россияда болгон гастролунун алкагында "Чолпонбай" спектаклин тартуулап жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Гастролдук сапар 1-8-ноябрь күндөрү өтүүдө. Спектакль 3-ноябрда Воронеж шаарында көрсөтүлдү. Бүгүн Нововоронежде, ал эми 7-ноябрда Лиски районунда коюлат.
Спектаклде кыргыз элинин тарыхый эс тутуму, мекенчилдиги, эрдиги жана баатырдыгы көркөм чагылдырылган. Ал көрүүчүлөргө кыргыз элинин тарыхы жана улуттук маданий мурасы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берет.