Цирк жана театрлар: Акыркы 5 жылда кайсы маданий мекемелер жаңыланды?

Маданият
Цирк жана театрлар: Акыркы 5 жылда кайсы маданий мекемелер жаңыланды?
copyright icon www

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Акыркы 5 жылдын ичинде мамлекет тарабынан маданий мекемелерди кеңири масштабда модернизациялоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев маданият тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган куттуктоосунда билдирди.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, "Айтматов ааламы" маданий-мемориалдык комплекси, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы имараты, Нарын шаарында жана Ак-Талаа районунда маданият борборлору жана башка мекемелер жаңыланды.

2024-жылы жазында Кыргыз улуттук "Манас" театры үчүн 300 орундуу жаңы имарат курулду.

Олуттуу оңдоп-түзөө жана реконструкциялоо иштеринен кийин Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры, Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры, Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки, Чынгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театры, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театры кайрадан эшигин ачты.