Касымалиев: Акыркы жылдары жол салууга 60 млрд сом бөлүндү

Коом
WhatsApp Image 2026-10-30 at 09.50.05 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-30 at 09.50.05.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-30 at 09.50.04 (5).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-30 at 09.50.04 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-30 at 09.50.04 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-30 at 09.50.04 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-30 at 09.50.04 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-30 at 09.50.04.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда транспорт тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев транспорт тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чарада билдирди.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, акыркы жылдары өлкөдө жол куруу тармагында масштабдуу иштер жүрүп жатат.

“Өлкөнүн бюджетинин кирешесинин көбөйүшү менен инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылууда. Мурда жол курууга жылына 2 миллиард сомго жакын каражат бөлүнсө, акыркы жылдары бул көрсөткүч 60 миллиард сомго жетти. 2021-жылы 175 чакырым жолго асфальт төшөлсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 1 545 чакырымга жеткен, ал эми быйыл 1 700 чакырымга жакын жол курулмакчы”, - деди минкаб жетекчиси.

Адылбек Касымалиев өлкөнү аймактагы транспорттук-логистикалык түйүнгө айландыруу максатында Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу жана башка ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев бардык жолчуларды кесиптик майрамы менен куттуктап, тармактын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн министрлер кабинетинин ардак грамотасы жана алкыш баракчалары менен сыйлады.