Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда туруктуу энергетикага өтүүнү колдоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү максатында 35 млн долларлык iFIRST долбоору ишке киргизилет. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Долбоорду ишке ашыруу маселелери Бишкекте өткөн семинарда талкууланып, ага жаратылыш ресурстары министринин орун басары Асел Раимкулова, энергетика министринин биринчи орун басары Курсантбек Өмүрбеков жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү катышты.
"Бул долбоор Дүйнөлүк банк жана Көмүртек активдерин трансформациялоо фонду тарабынан колдоого алынат. Алты жылга эсептелген демилгеге 35 млн доллар өлчөмүндө каржылоо бекитилген. Каражат парник газдарынын бөлүнүп чыгышын кыскартуу боюнча белгиленген натыйжаларга жетишүүгө жана аларды тастыктоого байланыштуу бөлүнөт", - деп айтылат маалыматта.
Долбоор энергетика тармагында экологиялык таза технологияларды өнүктүрүүгө, көмүртек бөлүп чыгарууну азайтууга жана климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин жумшартууга багытталган. Ошондой эле ал Кыргызстандын климаттык милдеттенмелерин аткаруусуна жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.