Ысык-Көлдө ишкерлерге жеңилдетилген насыялар берилүүдө

Аймак
Ысык-Көлдө ишкерлерге жеңилдетилген насыялар берилүүдө
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан жергиликтүү тургундарга жеңилдетилген насыялар берилүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун акими Канат Калдаралиев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин биринчи этабын ишке ашыруунун алкагында ишкердикти колдоого өзгөчө көңүл бурулууда.

“Быйыл Ак-Суу районунда “Ак-Суу өнүктүрүү форуму” иш-чарасын уюштурдук. Анда ишкердик менен алектенүүнү жана мындан ары ишкердигин өнүктүрүүнү каалагандарга маалыматтар берилди. Жергиликтүү тургундарга мамлекеттик органдар, тажрыйбасы бар туристтик мекемелер тарабынан кеп-кеңештер айтылды. Бул форумду эмки жылы да уюштурууну пландап жатабыз. Жергиликтүү тургундар азыр эс алуучуларды кабыл алуу үчүн жатаканаларды, кафелерди даярдап жатат. Аларга Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан жеңилдетилген насыялар берилүүдө. Ошондой эле биз ишкерлерге жер тилкелерин ижарага берүү маселесин да чечип берип жатабыз. Муниципалдык объекттерди ижарага берүүнү караштыруудабыз”, -деди район жетекчиси.

Калдаралиев белгилегендей, Ак-Суу районунда тоо-лыжа туризмине улай эле төрт мезгил тең эс алуучуларды кызыктыра турган этнотуризмди, экотуризмди да биргеликте өнүктүрүү боюнча жергиликтүү тургундарга сунуштар айтылып, иштер жүрүп жатат.

"Анткени туристтер “Ала-Тоо Резортко” келип эс алгандан тышкары, аймактын дагы өзгөчөлүктөрү менен таанышуусу зарыл", - деди ал.