Тоо жана тузсуз суу экосистемасы: Кыргызстан Ереван платформасын колдоду

Коом
864758816_1139020135221826_3663541810475885963_n.jpg
855053316_1689194222762269_3690192396955877943_n.jpg
862956043_1468115033044990_4266816851847677039_n.jpg
863414962_1670863704406802_124020622788481236_n.jpg
864445606_1438521637681203_2681310717296758454_n.jpg
865047128_1752415215848255_7224715902733280621_n.jpg
865335565_1655664836048454_6458386512968288211_n.jpg
866730379_1544232327557816_5591623353215216430_n.jpg
867025201_1717730073354757_4196130900930265401_n.jpg
867230705_1086282690912020_6669798003802360824_n.jpg
869951519_1136732585956376_3203946640556372472_n.jpg
870286566_1656654039266484_1681977477282332471_n.jpg
870971082_972957815887691_1979986432177005132_n.jpg
873924100_2266697140792275_289774325888921417_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 31.10.26. /Кабар/. Ереван шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын (БАК) тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагында тоолор жана алар менен байланышкан тузсуз суу экосистемалары боюнча Ереван платформасынын расмий ачылышы болуп өттү. Жаңы эл аралык демилге тоолуу өлкөлөрдүн уникалдуу экосистемаларды коргоо, каржылоону тартуу жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча аракеттерин бириктирүүгө багытталган. Буга чейин лидерлер саммитинде президент Садыр Жапаров платформаны түзүүнү колдоп, анын ишине активдүү катышууга даяр экендигин билдирип, Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоонун маанилүүлүгүн белгилеген.

COP17нин алкагында президенттин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова жетектеген делегация бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чараларга катышты. Алардын катарында Биологиялык ар түрдүүлүккө мониторинг жүргүзүү боюнча Ереван технологиялык борборунун ачылышы, Тоо жана тузсуз суу биоартүрдүүлүгү боюнча глобалдык диалог, Жаратылышты коргоонун эл аралык союзунун "Жаратылышты калыбына келтирүү: милдеттенмелерден конкреттүү аракеттерге чейин" аттуу талкуусу, БУУӨПтүн тоо күн тартибин илгерилетүүгө арналган иш-чарасы, ошондой эле Кыргызстан, Армения жана Франциянын биргелешкен "Бийик чокулар - жогорку жоопкерчилик: тоо экосистемаларын коргоо" аттуу иш-чарасы болду.

COP17нин Жогорку деңгээлдеги сегментинде Динара Кемелова эл аралык коомчулукту тоо экосистемаларын коргоого көбүрөөк көңүл бурууга жана тоолуу өлкөлөрдүн каржылоо булактарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө чакырды.
Өзгөчө көңүл Кыргызстандын демилгелерине бурулду: Глобалдык экологиялык фонддун алкагында атайын тоо программасын түзүү, Бишкек шаарында Тоолуу аймактардын туруктуулугу боюнча Глобалдык борборун ачуу жана Ысык-Көлдү сактоо максатында БУУнун колдоосу астында атайын трасттык фонд түзүү демилгелери белгиленди.

Иш-чаралардын жана Глобалдык экологиялык фонддун (ГЭФ), БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасынын (ЮНЕП) жетекчилери, башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана бир катар чет мамлекеттердин (Япония, Чехия, Колумбия, Бангладеш, Бразилия, Германия, Кения, Лесото ж.б.) өкүлдөрү менен өткөрүлгөн эки тараптуу жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы өлкөнүн тоо экосистемаларын сактоо жана климаттык процесстер жаатындагы артыкчылыктуу багыттарын тааныштырды. Ошондой эле өнөктөштөргө "Бишкек+25" экинчи глобалдык тоо саммитине даярдыктар тууралуу маалымат берди.

COP17нин маанилүү жыйынтыктарынын бири катары COP18 өткөрүлгөнгө чейин Тоо биоартүрдүүлүгү боюнча иш программасын жаңылоо жөнүндө чечим кабыл алынды.

Кыргызстандын делегациясынын COP17деги ишинин дагы бир маанилүү жетишкендиги - Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин башкармалыгынын башчысы Кумар Мамбеталиевдин Биоартүрдүүлүк жөнүндө конвенциянын Тараптарынын конференциясынын бюросунун курамына кайрадан шайланышы болду.