Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районундагы Алай тоо кыркаларынын түндүк капталына фототузактар орнотулду. Бул тууралуу уюмдан билдиришти. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Маалыматка ылайык, аталган иштин негизги максаты – жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн, түрдүк курамын, санынын өзгөрүшүн жана кыймыл-аракетин изилдөө, ошондой эле алардын табигый шарттагы жашоосуна байкоо жүргүзүү болуп саналат.
Фототузактардын жардамы менен адамдын катышуусуз жаныбарларды сүрөткө жана видеого тартууга, алардын жашоо өзгөчөлүктөрү тууралуу баалуу илимий маалыматтарды топтоого шарт түзүлөт.
Белгилей кетсек, уюм буга чейин да өлкөнүн тоолуу аймактарына ушундай жабдыктарды орнотуп, илбирс, аркар, тоо теке жана башка жапайы жаныбарларга байкоо жүргүзүп келет.