Бишкек, 05.09.26 /Кабар/. 4–5-сентябрда Стамбулдун Финансы борборунда Түркиянын өкмөтү тарабынан уюштурулган “COP31дин көз карашынан климаттык аракеттерди каржылоого карай” аттуу климаттык каржылоо боюнча саммит өтүүдө.
Кыргызстан саммитте тоолор күн тартибинин артыкчылыктуу багыттарын сунуштап, эл аралык коомчулукту климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине эң аярлуу болгон тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү максатында климаттык каржылоону кеңейтүүгө жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө чакырды.
Кыргыз Республикасынын делегациясын президенттин тоолор күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова жетектөөдө, ал ошондой эле БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын алкагындагы Тоолор тобуна төрагалык кылууда.
“Климаттык аракеттерди ишке ашыруунун көпүрөсү: милдеттенмелерден аракеттерге карай” жана “Климаттык аракеттерди ишке ашыруунун көпүрөсү: Ишке ашыруу жана каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги жол картасы” аттуу тегерек столдордо сөз сүйлөп, Динара Кемелова өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн, өзгөчө климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана эң аярлуу аймактардын туруктуулугун жогорулатуу максатында климаттык каржылоону көбөйтүү зарылдыгын баса белгиледи.
Мөңгүлөрдүн эришинин кесепеттерине жана тоолуу аймактарда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдигинин өсүшүнө өзгөчө көңүл бурулду. Ушуга байланыштуу Президенттин атайын өкүлү Непалдын жана Кытайдын тоолуу аймактарында болгон кыйратуучу суу ташкындарын белгилеп, эл аралык коомчулукту тоолуу аймактардагы климаттык чакырыктарга жооп кайтаруу боюнча шашылыш чараларды көрүүгө чакырды.
Артыкчылыктуу багыттардын катарында эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн эл аралык климаттык каржылоого жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүү, ошондой эле мамлекеттик карызды жашыл долбоорлорго инвестицияларга жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча чараларга алмашуу мүмкүнчүлүгү белгиленди.
Саммиттин алкагында Кыргызстан штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашкан Тоолуу аймактардын климаттык туруктуулугу боюнча Глобалдык борборду түзүү демилгесин да сунуштады.
Саммиттин алкагында президенттин атайын өкүлү Түркиянын делегациясынын, Австралиянын, Азербайжандын, Бразилиянын, Франциянын өкүлдөрү, Адаптациялык фонддун, БУУӨП, GIZ, ошондой эле бир катар башка эл аралык уюмдардын жана мамлекеттердин өкүлдөрү менен кыскача баарлашууларды өткөрдү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө тоолор күн тартибин илгерилетүү боюнча кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, “Бишкек+25” Глобалдык тоо саммитине даярдык көрүү, ошондой эле Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоо маселелери талкууланды.
Саммиттин ачылышына Түркиянын Курчап турган чөйрө, урбанизация жана климаттын өзгөрүшү министри – COP31дин төрагасы Мурат Курум, Түркиянын энергетика министри Алпарслан Байрактар, Түркиянын Банктар ассоциацияларынын төрагалары, бир катар түрк агенттиктеринин жана каржы институттарынын жетекчилери, чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын, эл аралык банктардын, каржы институттарынын, өнүктүрүү агенттиктеринин жана жеке сектордун өкүлдөрү катышты.