Кыргызстан менен Россиянын Тоо күн тартибин алдыга жылдыруу жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Саясат Загрузка... 05 Март 2025 17:06
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россиянын президентинин Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнүн эл аралык уюмдар менен байланыштар боюнча атайын өкүлү Борис Титов менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, тараптар туруктуу өнүктүрүү жана Тоо күн тартибин алдыга жылдыруу жаатында эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин талкуулашты. Алар Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу жана БУУ үчүн тиешелүү улуттук баяндамаларды даярдоо боюнча өлкөлөр тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге өзүнчө токтолушту.

Жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөргө жана кыйынчылыктарга карабастан, анын ичинде климаттык көйгөйлөрдүн чечимдерин табуу контекстинде туруктуу өнүгүүнүн күн тартиби биринчи кезектеги мааниге ээ болуп, эл аралык күч-аракеттерди бириктирүүгө тийиш экендиги макулдашылды.

Элчи Бөкөнтаев өлкөнүн акыркы жылдардагы жетишкендиктери, жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөр жана реформалар тууралуу кыскача маалымат берди. Анда тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн күн тартибин илгерилетүү боюнча эл аралык аренада Кыргызстандын аракеттерине көңүл бурду.

Ал 2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча Беш жылдык аракеттерди өткөрүүнүн негизги максаты климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирин жумшартуу жана ага ылайыкташуу, ошондой эле тоолуу аймактарда жашагандардын жашоо-шарттарын экономикалык, экологиялык жана социалдык аспектилер боюнча жакшыртуу экенин баса белгиледи.

Ошондой эле Титовго 2025-жылдын 24-25-апрелинде Бишкек шаарында өтө турган жана 2027-жылдагы “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык тоо саммитине даярдыктын негизги этабы болуп эсептелген “Туруктуу өнүгүү үчүн Глобалдык тоо диалогу” эл аралык конференциясына катышууга расмий чакырууну тапшырды.